Украина: Кировоградск облусундагы ракеталык аткылоодон үч киши өлдү
Орусиянын күчтөрү ишембиде таңга маал Украинанын Кировоградск облусуна ракеталык сокку уруп, үч киши каза болуп, дагы ондой аскер жарадар болду. Бул тууралуу облустун башчысы Андрей Райкович кабарлады.
Райкович орус аскер күчтөрү эртең менен Кропивницкиге 13 ракета уруп, жыйынтыгында инфратүзүмдөр талкаланган. Ишембиде түнү жана эртең менен Орусия Харьков жана Николаевге бир нече сокку урушкан.
Харьков жана Запорожье шаарларында эки жолу аба коркунучу жөнүндө эскертүү берилди. Харьковдун мэри Игорь Терехов шаардын борбордук райондоруна бир нече катуу сокку урулганын билдирди. Бир адам жараат алганы, куткаруучулар иштеп жатканы кабарланды.
Орусиянын аскер күчтөрү Харьков жана Запорожьени аткылады
Ишемби күнү эртең менен Украинанын шаарларында жардыруулардын үнү угулду. Харьков жана Запорожье шаарларында эки жолу аба коркунучу жөнүндө эскертүү берилди. Харьковдун мэри Игорь Терехов шаардын борбордук райондоруна бир нече катуу сокку урулганын билдирди. Бир адам жараат алганы, куткаруучулар иштеп жатканы кабарланды.
Эртең менен Николаев шаарында да жардыруулар болду. Шаар мэри Александр Сенкевия курмандыктар жок экенин маалымдады. Днепропетровск облусунун Никопол жана Криворожск шаарлары дагы аткылоого кабылды. Аймактын аскердик администрация башчысы Валентин Резниченко соккулардан газ түтүктөрү жана электр түйүндөрү талкаланганын билдирди. Курмандыктар жок.
Уланып жаткан согуштук кырдаалда Украинадан дан жана башка азык-түлүк товарларын Кара деңиздеги украин порттору аркылуу ташып чыгуу жөнүндө макулдашуу 22-июлда Стамбулда кабыл алынды.
Украинанын инфратүзүм министри Александр Кубраков менен Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу эки документке кол койду. Кепилдик берген тарап катары макулдашууга Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гуттериш да кол койгон.
Бул документтерге ылайык, Кара деңиздеги бөгөттөлгөн үч украин порту - Одесса, Черноморск жана Южный порттору ачылышы керек. Орусия аларды 24-февралда согуш башталгандан кийин тосуп койгон.
Эки тарап тең жүк ташуучу кемелер өтө турган маршрутта ок атууну токтотууга кепилдик берүүдө. Деңиз жолу миналардан тазаланышы керек, бирок бул порттордун акваториясы толук миналардан алынат дегенди түшүндүрбөйт. Дан азыктарын жүктөөгө Украинанын, Түркиянын жана БУУнун өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ байкоо салат. Кемелерди украин флотунун техникалары гана коштоп жүрөт.
Түркиянын Аскердик-деңиз күчтөрү Координациялык борбордун байкоочулары менен чогуу украин портторуна кирген бош кемелерди текшерип турат. Түркиянын Куралдуу күчтөрү болсо товар ташыганы келген чет элдик бош кемелерди текшерип турууга милдеттеме алды. Орусия тарап ал кемелерде Батыш Украинага берген куралдар ташылып келиниши мүмкүн деген чочулоосун билдирген.
БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш тараптардын макулдашууга келиши жеңил болбогонун билдирип, документ дүйнөлүк азык-түлүк кризисин алдын алуудагы “үмүттүн маягы” экенин айтты. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган орус жана украин тараптарга макулдашууга келгени үчүн ыраазычылык билдирип, биротоло ок атууну токтотууга чакырды.
Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияны украин деңиз портторун басып алганы үчүн айыптап, муну дүйнөлүк рынокто дан азыктарынын бааларын көтөрүүгө жана товарлардын тартыштыгын жаратууга болгон аракет деп баалап келген.
Украин аскерлери 31-июнда Змеиный аралынан орус күчтөрүн сүрүп чыккандан кийин Киев Кара деңиздеги кырдаалды көзөмөлдөп калды. Натыйжада Орусия Украинага кол салгандан бери чет элдик кемелер дан азыктарын жүктөп кетүү үчүн июлдун башында украин портторуна биринчи жолу келди.
Москванын Басманный райондук соту украиналык журналист Дмитрий Гордонду сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды. Мурдараак Орусиянын Ички иштер министрлиги ага федералдык издөө жарыялаган.
Орусиянын Тергөө комитети мартта Гордонго каршы үч берене менен кылмыш ишин козгогон. Ага "согушту тутантууга чакырык жасаган", "улуттук белгилерине карата кастыкты козуткан" жана "орус армиясы тууралуу фейк маалыматтарды тараткан" деген айыптар тагылган.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, Гордон Орусиянын карапайым адамдарды бомбалоосу жана артиллериялык аткылоосу тууралуу атайылап жалган маалымат тараткан. Апрелде Гордон Росфинмониторинг мекемесинин “террорчу жана экстремисттердин” реестрине киргизилди.
“Мен үчүн Орусияда кылмыш ишинин козголушу чоң сыймык жана чоң урмат-сый. Демек, мен өзүмдүн жарандык жана адамдык милдетимди туура аткарып жатам”, - деп билдирди Дмитрий Гордон.
Ал - украиналык журналист, “Дмитрий Гордондо конокто” деп аталган программанын алып баруучусу, “Гордон” эл аралык интернет басылмасынын башкы редактору. Саясат, маданият жана спорттун өкүлдөрү менен болгон көптөгөн маектердин автору.