Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24
Wildberries кампасындагы өрт. Краснодар шаары, 2026-жылдын 22-июлу.
Wildberries кампасындагы өрт. Краснодар шаары, 2026-жылдын 22-июлу.

Wildberries'тин кампаларына чабуул уланды, жабыркагандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:06 2.8.2022

АКШ, Франция жана Британия Орусияны өзөктүк курал боюнча билдирүүлөрдөн карманууга чакырды

АКШнын, Франциянын жана Улуу Британиянын тышкы саясат мекемелери Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимди толук аткарууга ынтызарлыгын билдиришип, Орусияны “коркунучтуу өзөктүк риториканы” колдонуудан, өзөктүк согушту баштап жиберүүдөн баш тартууга чакырышты.

Биргелешкен билдирүү Нью-Йорктогу жолугушууда айтылды. 1-августта мында Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимге кол койгон өлкөлөрдүн 10-конференциясы башталды.

12:59 2.8.2022

Украин бийлиги Донецк облусунан 250 миң кишини эвакуациялоону пландоодо

Донецк облусунун эвакуациялоодо 50 миңдей бала жана 200 миңдей чоң кишилер чыгарыларын Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук билдирди.

"Эвакуация боло тургандар администрацияга чалып же онлайн чат ботторуна жазыш керек. Баары администрацияга катталат да аларды кызматкерлер алып кетип, коопсуз жерге жеткиришет. Бул автобус же поезд болушу мүмкүн. Бекеттен өздөрү тосуп алышат жана баргандарга жардам көрсөтүлөт. "Укрпочта" муну кантип жасоону мурунтан эле билет. Акча бар. Биз өткөн эвакуациялоодо бардык каталарды эске алдык. Кимдир бирөө эвакуация болууну каалабай жатканын да түшүнөбүз. Бул жерде жеке жоопкерчилик да бар. Бирок дагы айтам: газ, жылытуу, свет болбойт".

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусунун тургундарын эвакуациялоого буйрук бергенин билдирген. "Биз Орусия эмеспиз, биз үчүн ар бир жашоо маанилүү", - деген болчу.

12:46 2.8.2022

2-августтун таңында Украинадагы Николаев шаарында катуу жардыруунун добушу угулду, орус күчтөрүнүн аткылоосунан бир адам жарадар болду. Бул тууралуу шаар мэри Александр Сенкевич билдирди.

Орус армиясынын өткөн суткада калк жашаган аймактарды аткылаганда Донецк облусунда үч жайкын тургун каза болуп, дагы үчөө жараат алды. Ошондой эле Харьков облусундагы Чугуев, Мерефа, Безруки, Ивашки, Одноробовка калк жашаган аймактарга да ок атылды.

"Ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери жана эксперт-криминалисттер 30 турак үйдүн жана башка обьектилердин жабыркаганын, өрттөнгөнүн аныкташты... Көп кабаттуу үйлөр, жер тамдар, аялдамалар, унаалар, дыйканчылык багытындагы кампалар, ишкердикке тиешелүү имараттар жабыркады, - деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн түндө Синельников жана Криворож райондору да аткыланган, ал жакта курмандыктар жок.

12:36 2.8.2022

Жо Байден Украинага 550 миллион долларлык аскердик жардам көрсөтүү боюнча меморандумга кол койду.

Киевге жаңы жеткирүүлөрдө 155 миллиметрлик M777 гаубицасы үчүн 75 000 даана снаряд, ошондой эле HIMARS системалары үчүн ракеталарды камтылат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG