Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:27
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:09 2.8.2022

Түркиянын бийлиги БУУнун ортомчулугу менен Украинадан чыккан дан ташыган биринчи кеме Стамбул шаарына пландалгандан кечигип жатканын, кеминде “түн ортосунан кийин” жетип келерин маалымдады.

Сьерра-Леоне мамлекетинде катталган, Razoni деп аталган кеме 26 миң тонна жүгөрү жүктөп, Одессанын портунан 1-августта Кара деңиз аркылуу жолго чыккан. Ал 2-августтан түштөн кийин Стамбулга келери айтылган эле. Бирок аба ырайына жана сууда миналар бар экендигине байланыштуу акырын жүрүп жатканы кеп болду.

17:08 2.8.2022

Медведевдин жардамчысы СССР жөнүндө постту экс-президент жазбаганын билдирди

Орусиянын мурдагы мамлекет башчысы Дмитрий Медведевдин жардамчысы Олег Осипов саясатчынын ВКонтакте желесиндеги СССРдин чек арасын калыбына келтирүү жөнүндө постуна түшүндүрмө берди. ТАСС маалымат агенттиги келтиргендей, Осипов бул постту экс-президент жазбаганын, анын баракчасын белгисиз адамдар бузуп салганын билдирди.

Медведевдин жардамчысы бул маселени ВКонтакте социалдык түйүнүнүн жана башка адистер иликтеп жатышарын, чара көрүлөрүн кошумчалады.

17:07 2.8.2022

АКШ жөнөткөн дагы төрт HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системалары Киевге келип түштү. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Алексей Резников Твиттердеги баракчасында кабарлап, Кошо Штаттардын президенти Жо Байденге жана америкалык кесиптеши Ллойд Остинге ыраазычылык билдирди.

Украин министри алардын колундагы аталган куралдын санын тактап жазган жок. Вашингтон Киевге буга чейин HIMARS системасынан 12 даана жөнөткөн. Жаңы системалар менен алардын жалпы саны 16га жетти.

17:06 2.8.2022

АКШ, Франция жана Британия Орусияны өзөктүк курал боюнча билдирүүлөрдөн карманууга чакырды

АКШнын, Франциянын жана Улуу Британиянын тышкы саясат мекемелери Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимди толук аткарууга ынтызарлыгын билдиришип, Орусияны “коркунучтуу өзөктүк риториканы” колдонуудан, өзөктүк согушту баштап жиберүүдөн баш тартууга чакырышты.

Биргелешкен билдирүү Нью-Йорктогу жолугушууда айтылды. 1-августта мында Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимге кол койгон өлкөлөрдүн 10-конференциясы башталды.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG