Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:18
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Жаңыланды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:05 11.8.2022

Эстония (өзү тарабынан берилген) Шенген визасы бар Орусия жарандары үчүн чек арасын жабат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Урмас Рейнсалу өкмөттүн 11-августтагы жыйынында билдиргенин “Азаттыктын” орус кызматы жазды.

Рейнсалунун айтымында, расмий Таллин орус жарандарына Эстония тарабынан берилген Шенген визаларына санкция салууна пландап жатат. Маалыматка караганда, визалар күчүндө калат бирок аны менен орусиялыктар Эстонияга кире албайт.

16:37 11.8.2022

Донецк шаарынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан Пески айылынын жака-белинде айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканы боюнча кабарлар чыгууда. Өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДЭР”) деп атап алган жикчилдердин түзүмүнүн мүчөсү Даниил Безсонов 11-августта Телеграмм баракчасына “Пескиде кайнап жатат" деп жазды.

"Калктуу конуш биздики, бирок айылдын түндүк-батыш тарабында каршылык көрсөткөн топтор бар”, - деди ал.

Расмий Киев бул шаарды дагы эле Украинанын куралдуу күчтөрү көзөмөлдөп жатканын билдирди. Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович “орусиялыктардын Пескиге жылуу аракети ийгиликсиз болгонун” кабарлады.

Согуш маалында мындай билдирүүлөрдү көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

2014-жылы Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алгандан бери Москва Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдерди колдоп келет.

Луганск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Гайдай 10-августта Орусия аймактагы күчтөрүнүн санын көбөйткөнүн, анын ичинде “ЧВК Вагнер” жеке аскердик тобунун жалданма аскерлерин Кремлге жакын жерге алып келгенин билдирди.

Орусиянын аскерлери 10-августка караган түнү Украинанын Днепропетровск облусун “Град” ракеталык системасы менен аткылалаган. Андан 13 киши набыт болуп, дагы 11 адам жаракат алган.

13:25 11.8.2022

Крымдагы аэродромдогу жарылуудан Орусиянын учактары жабыркады

Орусия аннексиялап алган Крымдагы орус аскердик Саки аэродромунда болгон жарылуулардын спутниктен тартылган сүрөттөрү жарыяланды. Аны Planet Labs компаниясы 10-августта тарткан.

Крым.Реалии сайтынын маалыматы боюнча, жарылуулардан Орусиянын аскердик аэродрому, анын ичинде Су-30СМ жана Су-24М бомбалоочу учактары жабыркаган. Спутниктен тартылган сүрөттөр көрсөтүп тургандай, кеминде тогуз учак, кампага окшош имараттарга зыян келген.

12:37 11.8.2022

Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Орусия менен болуп жаткан согуштун кышка чейин бүтүшү маанилүү экенин белгиледи. Бул тууралуу ал "Интерфакс-Украина" маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Анын ою боюнча суук түшкөндө орусиялык армия Украинанын жылуулук борборлоруна жана энергетика менен камсыздаган жайларга сокку уруп, жоокерлердин жана жайкын тургундардын жашоосун болушунча оорлотконго аракет кылмакчы.
Президенттик аппараттын жетекчисинин айтымында, Орусия менен узакка созулган позициялык согуш чоң коркунуч туудурат. Орус армиясы Украинанын аймагында канчалык узак убакытка жүрсө, өлкөнүн оккупацияланган аймактарын бошотуу ошончолук кыйын болот.

Буга чейин Украинанын коргоо министри Александр Резников Орусия Украина менен узак мөөнөткө согушууга камынып жатканын билдирген.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG