Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги чет өлкөдө ыктыярдуу батальон түзүп же башка мамлекеттеги согуштук аракеттерге катышкан өзбек жарандары кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
Элчиликтин расмий сайтына чыккан маалыматта ыктыярдуу батальондорго кошулуп чет жактагы согушка катышкандарга Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Жалданмачылык” беренеси менен иш козголуп, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганы айтылат. Ушундан улам элчилик мигранттарды “ар кандай чагымчыл аракеттерден этият болууга” чакырды.
Өзбекстандын расмий өкүлдөрүнүн мындай билдирүү таратуусуна Орусиянын Пермь аймагындагы өзбек диаспорасынын башчысы Жахонгир Жалолов Украинадагы согушка катышуу үчүн “Тамерлан” деп аталган батальон түзүүнү сунуштаганы негиз болду.
Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция боюнча агенттиги июль айынын аягында мигранттарды Орусияда жумуш тандоодо этият болууга үндөгөн. Агенттик мигранттарды Орусия менен Украина ортосунда жүрүп жаткан жаңжал зонасына тартуу боюнча азгыруулар болуп жатканын эскерткен.
“Коммерсант” басылмасы Украинадагы согушка катышуу үчүн Орусияда 40тан ашык ар кандай аталыштагы батальон түзүлгөнүн жазган.
G7 – “Чоң жети” уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жана Евробиримдиктин өкүлү Орусияны Запорожье атомдук электр станциясын (АЭС) Украинанын карамагына өткөрүп берүүгө чакырды.
“Биз Запорожье АЭСин толук көзөмөлдөөнү анын ээси Украинага кайтарып берүүнү Орусиядан талап кылабыз. Ошондой эле бул объектилердин коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн Украинанын чек араларындагы бардык өзөктүк объектилерди кайтарып бериши керек”, — деп айтылат билдирүүдө.
Анда Запорожье атомдук электр станциясында иштеп жаткан украиналык жумушчулар өз милдеттерин эч кандай басымы жок аткарышы керектиги да жазылган. Мындан тышкары Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) кызматкерлери Украинадагы бардык атомдук станцияларга тоскоолдуксуз кирүүгө шарт түзүлүшү керектиги айтылат.
Украинанын Запорожье атомдук электр станциясы ушул тапта орус аскерлеринин көзөмөлүндө турат. Аны украин кызматкерлери башкарат. Ишембиден жекшембиге караган түнү станциянын аймагы аткыланган. Бул үчүн Орусия менен Украина бири-бирин айыптады.
Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик тынчсыздануусун билдирди.
Еврошаркеттин бир катар өлкөлөрүндө Орусиянын жарандарына виза бербөө ыктымалдыгы талкууланып жатат. Мындай демилгени Эстония, Латвия жана Финляндия көтөрдү.
26-февралда биримдик Орусия менен жеңилдетилген виза режими убактылуу күчүн жоготконун билдирген. Ошол эле маалда Еврокомиссия орус жарандарына таптакыр виза бербөө шаркеттин нормаларына каршы келерин айтууда.
Бир нече өлкө, арасында Латвия, Эстония, Болгария, Чехия, Бельгия, Норвегия, Кипр жана башкалар орустарга туристтик виза берүүнү токтоткон же чектеген.
Новосибирск, Курган, Саратов жана Ульяновск облустарында Украинадагы согушка катышууну каалаган ыктыярчылардын жаңы батальондору түзүлүүдө жана аларга бир жолу төлөнүүчү 300 миң рубль сунушталууда. Согушту изилдөө институтунун (ISW) маалыматы боюнча, ошол эле маалда Орусиянын аймактарында ыктыярчыларга акча төлөөнү кийинкиге жылдыруулар башталды.
Башкыртстанда согушка барууну каалагандарга берилүүчү 200 миң рублдан акча үч айга чейин тоңдурулганын бул аймактын бийлигинен кабарлашты. Ал эми суткасына төлөнө турган эки миң рубль айына бир ирет берилет.