Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк орус президенти Владимир Путиндин саясий технологу Александр Дугиндин кызы Дарьянын өлүмүнө байланыштуу айыптарды четке какты.
Ал украин бийлигинин дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, "Дугинанын өлүмүнө тиешебиз жок" деген жооп кайтарды.
Москванын чет жакасында 20-августтун кечинде орусиялык саясий технолог, философ Александр Дугиндин кызынын автоунаасы жарылып мүрт кетти. Орусиянын Тергөө комитети бул окуя боюнча адам өлтүрүү фактысы менен кылмыш ишин козгоду.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, автоунаа жүрүп бара жатканда жарылган. Тергөө комитети каза болгон айдоочу Дарья Дугина экенин ырастады.
“Коммерсантъ” басылмасы ишемби күнү Александр Дугин кызы менен президенттик маданий демилгелер фонду, Москва облусунун Маданият жана туризм министрлиги жана Одинцово администрациясы уюштурган “Салт” фестивалына катышканын жазды. Маалыматка караганда, иш-чарадан кийин экөө чогуу кетүүнү пландап, бирок эки башка автоунаа менен жолго чыккан.
Александр Дугин - “орус дүйнөсүнүн” идеологдорунун бири, ал орус аскерлерин Украинага киргизүүнү жана анын дээрлик бардык аймагын басып алууну жактаган. Дугиндин идеялары Кремлдин саясатына таасир этет деп эсептешет.
Дарья Дугина атасынын идеялары менен бөлүшүп, коомдук иштер менен да алектенген. Атасы менен бирге ал Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирген.
Украинанын чыгышындагы өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атаган жикчил түзүмдөрдүн лидери Денис Пушилин Дарья Дугинанын өлүмү үчүн Украинанын бийлигин айыптап, алар Александр Дугинди өлтүрүүнү максат кылышканын билдирди.
Подмосковьеде орус президенти Владимир Путиндин идеологу, оңчул радикал философ Александр Дугиндин кызы Дарьянын машинеси жарылып, ал окуя болгон жерде каза болду. Маалыматты өзүн Донецк Элдик Республикасы деп атап алган жикчил аймактын "башчысы" Денис Пушилин ырастап, жардырууга "украин кыймылынын террорчулары кириптер" деди. Ал Дугиндин өзү бутага алынган деп эсептейт. Күбөлөрдүн айтымында, автоунаа жүрүп бараткан учурда жарылып кеткен. Baza сайтынын маалыматына караганда, окуяга байланыштуу адам өмүрүнө кол салуу версиясы каралууда.
Германиянын канцлери Олаф Шольц орус жарандарын туристтик визалардан ажыратууга каршы. Канцлер мындай пикирин орусиялык туристтерге виза берүүгө тыюу салуу боюнча сунуш Евробиримдикке расмий киргизилгенден кийин, 10-августта билдирди. Шольц Украинада болуп жаткан согуш үчүн Путин жеке өзү жооптуу деп эсептейт.
"Биз конкреттүү адамдарды, олигархтарды, Орусиянын күч түзүмдөрүнүн колдоочуларын бутага алган, кесепети көпкө чейин сезилчү санкцияларды кабыл алганбыз. Бул иш, албетте, улана берет. Андай чаралар бардыгына, бейкүнөө адамдарга каршы багытталса, андан майнап чыкпайт".
26-февралда биримдик Орусия менен жеңилдетилген виза режими убактылуу күчүн жоготконун билдирген. Ошол эле маалда Еврокомиссия орус жарандарына таптакыр виза бербөө шаркеттин нормаларына каршы келерин айтууда.
Бир нече өлкө, арасында Латвия, Эстония, Болгария, Чехия, Бельгия, Норвегия, Кипр жана башкалар орустарга туристтик виза берүүнү токтоткон же чектеген.
Украинанын "Энергоатом" өзөктүк агенттиги Орусиянын аскерлери Запорожье атомдук электр станциясына дагы чабуул жасаганын билдирди. Анда станциянын жанындагы чөп өрттөнгөнү, эч ким жабыркабаганы жана кырдаал көзөмөлдө экени айтылат.
Расмий Киев орус аскерлерин 5-6-августта Запорожье атомдук электр станциясынын аймагын аткылаган деп айыптаган. Анда чабуулдан радиацияны көзөмөлдөөчү үч кыймылдаткыч жабыркап, АЭСтин бир жумушчусу жаракат алганын билдирген.