Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:21
Wildberries кампасындагы өрт. Краснодар шаары, 2026-жылдын 22-июлу.
Wildberries кампасындагы өрт. Краснодар шаары, 2026-жылдын 22-июлу.

Wildberries'тин кампаларына чабуул уланды, жабыркагандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:32 21.8.2022

Украинанын Башкы прокуратурасы Орусиянын кол салуусунан 21-августка карата баш-аягы 373 бала каза болуп, 721ден ашыгы ар кандай жаракат алганын билдирди.

Мекеме бул акыркы сан эмес экенин, согуш болуп жаткан жерлерде, оккупацияланган жана орус аскерлеринен бошотулган аймактарда каза болгондор такталып жатканын белгиледи. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 20-августта Николаев облусунун Вознесенск шаарында турак үй аткыланып үч бала жаракат алды.

“Донецк облусунун Мариупол шаарында оккупанттар тарабынан жасалган аскердик кылмыштарды каттоо учурунда бир жаштан 17 жашка чейинки дагы 10 баланын каза болгону белгилүү болду”, — деп айтылат маалыматта.

Орусиянын аскерлери 2328 билим берүү мекемесине зыян келтиргени, анын 289у толугу менен талкаланганы кабарланды. Москва көптөгөн далилдерге карабастан, Украинада жайкын тургундарга, жарандык объектилерге сокку урбаганын кайталап келет.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

16:48 21.8.2022

Украинанын президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк орус президенти Владимир Путиндин саясий технологу Александр Дугиндин кызы Дарьянын өлүмүнө байланыштуу айыптарды четке какты.

Ал украин бийлигинин дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, "Дугинанын өлүмүнө тиешебиз жок" деген жооп кайтарды.

Москванын чет жакасында 20-августтун кечинде орусиялык саясий технолог, философ Александр Дугиндин кызынын автоунаасы жарылып мүрт кетти. Орусиянын Тергөө комитети бул окуя боюнча адам өлтүрүү фактысы менен кылмыш ишин козгоду.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, автоунаа жүрүп бара жатканда жарылган. Тергөө комитети каза болгон айдоочу Дарья Дугина экенин ырастады.

“Коммерсантъ” басылмасы ишемби күнү Александр Дугин кызы менен президенттик маданий демилгелер фонду, Москва облусунун Маданият жана туризм министрлиги жана Одинцово администрациясы уюштурган “Салт” фестивалына катышканын жазды. Маалыматка караганда, иш-чарадан кийин экөө чогуу кетүүнү пландап, бирок эки башка автоунаа менен жолго чыккан.

Александр Дугин - “орус дүйнөсүнүн” идеологдорунун бири, ал орус аскерлерин Украинага киргизүүнү жана анын дээрлик бардык аймагын басып алууну жактаган. Дугиндин идеялары Кремлдин саясатына таасир этет деп эсептешет.

Дарья Дугина атасынын идеялары менен бөлүшүп, коомдук иштер менен да алектенген. Атасы менен бирге ал Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирген.

Украинанын чыгышындагы өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атаган жикчил түзүмдөрдүн лидери Денис Пушилин Дарья Дугинанын өлүмү үчүн Украинанын бийлигин айыптап, алар Александр Дугинди өлтүрүүнү максат кылышканын билдирди.

13:48 21.8.2022

Подмосковьеде орус президенти Владимир Путиндин идеологу, оңчул радикал философ Александр Дугиндин кызы Дарьянын машинеси жарылып, ал окуя болгон жерде каза болду. Маалыматты өзүн Донецк Элдик Республикасы деп атап алган жикчил аймактын "башчысы" Денис Пушилин ырастап, жардырууга "украин кыймылынын террорчулары кириптер" деди. Ал Дугиндин өзү бутага алынган деп эсептейт. Күбөлөрдүн айтымында, автоунаа жүрүп бараткан учурда жарылып кеткен. Baza сайтынын маалыматына караганда, окуяга байланыштуу адам өмүрүнө кол салуу версиясы каралууда.

13:31 12.8.2022

Германиянын канцлери Олаф Шольц орус жарандарын туристтик визалардан ажыратууга каршы. Канцлер мындай пикирин орусиялык туристтерге виза берүүгө тыюу салуу боюнча сунуш Евробиримдикке расмий киргизилгенден кийин, 10-августта билдирди. Шольц Украинада болуп жаткан согуш үчүн Путин жеке өзү жооптуу деп эсептейт.

"Биз конкреттүү адамдарды, олигархтарды, Орусиянын күч түзүмдөрүнүн колдоочуларын бутага алган, кесепети көпкө чейин сезилчү санкцияларды кабыл алганбыз. Бул иш, албетте, улана берет. Андай чаралар бардыгына, бейкүнөө адамдарга каршы багытталса, андан майнап чыкпайт".

26-февралда биримдик Орусия менен жеңилдетилген виза режими убактылуу күчүн жоготконун билдирген. Ошол эле маалда Еврокомиссия орус жарандарына таптакыр виза бербөө шаркеттин нормаларына каршы келерин айтууда.
Бир нече өлкө, арасында Латвия, Эстония, Болгария, Чехия, Бельгия, Норвегия, Кипр жана башкалар орустарга туристтик виза берүүнү токтоткон же чектеген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG