Орусия Украинага кол салгандан бери 382 бала курман болду, 740тан ашууну ар кандай жаракат алды. Бул тууралуу украин Башкы прокуратурасы 4-сентябрда билдирди.
Европа Биримдигинин Орусиядагы элчиси Маркус Эдерер 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып кызматтан кетти.
Бул тууралуу ал 2-сентябрда RTVI телеканалына курган маегинде билдирди. Эдерер кызматтан кеткен себебин ачык айткан эмес. "Мен кызматымды көңүлүм тынч абалда таштап кетип жатам. Колумдан келгенди жасадым деп ойлойм", - деген ал.
"Газпром" "Түндүк Агым" аркылуу газ берүүнү белгисиз мөөнөткө токтотту
Орусиянын мамлекеттик “Газпром” компаниясы “Түндүк агым” кууру аркылуу газ берүүнү толугу менен белгисиз мөөнөткө токтотту. Ишкана Европага көгүлтүр отунду жеткирген куурдун турбинасын тейлөөдөгү мүчүлүштүктөр аныкталганы менен түшүндүргөн.
Газ сордурган компрессордук “Портовая” станциясында Siemens компаниясы менен бирге жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө майдын герметикалык кошулмасы менен агып жатканы аныкталган.
"Trent 60 агрегатынын (№ 24) аныкталган мүчүлүштүктөрү жана аларды жоюу зарылдыгы жөнүндө кат Siemens Energy AG компаниясынын президенти жана башкы директору Кристиан Брухка жөнөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Орусия Украинага басып киргенден бери 7 миңден көп жайкын тургун каза болду. "Интерфакс-Украина" басылмасы украин полициясы 22 миң аткылоону каттаганын ички иштер министри Евгений Енинге шилтеме берип жазды.
"Орусиялыктар көз карандысыз Украинанын аймагын кумарлануу менен аткылоону улантууда. Алар 191 күндөн бери эч тына элек. Өткөн суткада эле милицияга 28 калктуу конуш аткыланганы тууралуу маалымат түшкөн. Мындай аёосуз кол салуулардын айынан карапайым адамдар каза болууда. Акыркы 24 сааттын ичинде эле Украинанын Улуттук полициясынын тергөө бөлүмдөрү өлкө аймагында Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын аскер кызматкерлери жана алардын шериктери тарабынан жасалган кылмыштардын фактылары боюнча дээрлик 140 кылмыш ишин козгоду, - деди министр.
Енин жалпы 22 миң аткылоо катталганын да билдирди.
"Ушундай аткылоолордун айынан 24 миң жарандык обьект зыян тартты. Дагы бир айтайын дегеним, аткылоолор жайкын тургундардын өмүрүн алып жатат жана бул согушта каза болгон жарандардын саны 7 миңден ашты! 5500 карапайым тургун жарадар болду", - деди ал.