Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) атайын миссиясынын эксперттери Запорожье атомдук станциясында 3-сентябрга чейин болот. Бул тууралуу МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси билдирди. Ал эксперттер барары менен эле “бир топ маанилүү маалымат топтоого” үлгүргөнүн айтты, бирок анын чоо-жайын тактаган жок. Ошондой эле МАГАТЭнин байкоочулары бул АЭСте такай болору тууралуу маселе чечилерин кошумчалады.
Орусиянын күчтөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттеринин сапарынын алдында Энергодар шаарын минометтер менен аткылоодо. Бул тууралуу шаар мэри Дмитрий Орлов кабарлады. Ал арада оккупанттардын башчылары мунун баарына украин бийлигин айыптоодо.
Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, Энергодарды жана ага чектеш Запорожье атомдук станциясын басып алган орус аскерлери МАГАТЭнин миссиясынын келишине "массовкаларды" даярдап жатышат.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, станциянын кызматкерлери репрессияга кабылууда. Алардын көбү жөн эле жоголгон, мындан ары эмне болору да белгисиз.
Украинанын “Энергоатом” компаниясы Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттер тобу Запорожье атомдук электр станциясына (АЭС) барганын билдирди.
МАГАТЭнин миссиясы 30-августта Киев шаарына жетип, 31-августта АЭСке жол тарткан. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Рафаэл Гросси коопсуздук үчүн Орусиядан да, Украинадан да кепилдик алганын жана алар АЭСте бир нече күн болорун билдирген. Анын жыйынтыгы боюнча станциядагы абал тууралуу маалымат берилет.
Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Орусия менен виза режимин жеңилдетүү боюнча келишимди токтотууну макулдашты. Мындай чечим 31-августта Прагадагы жолугушууда кабыл алынганын Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийяртону билдирди. Анын сөзүнө караганда, Еврошаркеттин бир катар мүчөлөрү орус жарандарына виза берүүнү толук токтотууну колдогон жок.