ISW: Украиналык аскерлер Харьков облусундагы 2500 кв. км аймакты бошотту
Британиялык Согушту изилдөө институтунун (ISW) баасы боюнча украиналык күчтөр 9-октябрда Харьков облусундагы контрчабуул учурунда 2500 кв. км аймакты бошотту. Андан мурдараак күндүз Украина президенти Зеленский 1000 кв. км аймагы бошотулганын кабарлаган.
ISW эксперттери орусиялык күчтөрдүн Изюмдун түндүк жана түштүк аймагындагы коргонуусу үзгүлтүккө учураганын жазды. Орусиянын аскер башчылары аймакка кошумча күчтөрдү таштап жатат. Украина чыгышында Купянск багытындагы ири темир жол түйүнүндө аскердик эшелондордун кыймылы байкалган.
Украиналык аскерлердин өлкө түштүгүндөгү - Херсон облусунда да операциясы уланууда. "Украиналык армиянын башчылары кырдаал тууралуу толук маалымат бербей жатат, бул украин аскерлери фронттун ушул бөлүгүндө алдыга жыла албай жатат деген таасир калтырышы мүмкүн" деп белгилеген ISW. Тынымсыз соккулар орусиялык аскерлер жайгашкан Днепрдин жээктерине да урулуп жатат.
Купянскиден Лиманга чейин
Украиналык аскерлер орусиялык күчтөрдүн Украина чыгышындагы негизги пункттары жайгашкан Изюм шаарынын четинде активдүү аракеттерин улантууда.
Изюмдан түндүккө карай Купянск шаарында да кармаштар жүрүп жатат. Орусиялык булактар украиналык күчтөрдүн соккусунан Купянскидеги Оскол дарыясындагы көпүрө бузулганын билдиришти. Бул шаарда коргонуп жаткан орусиялык күчтөрдү алсыратышы мүмкүн. Ага чейин орусиялык аскер блогерлери Купянск менен Изюмга фронттогу кырдаалды турукташтыруу үчүн кошумча күчтөр жиберилгенин айткан.
Кечинде Изюмдун түштүк-чыгышынан украиналык күчтөрдүн чабуулу тууралуу кабарлар чыкты. Орусиялык булактар Лиман шаарындагы кармаш тууралуу билдиришкен.
"Свобода" радиосу согушка байланыштуу маалыматты текшерүүгө мүмкүн болбой жатканын жазды.
Зеленский: Харьков облусундагы 30дай калктуу конуш бошотулду
Украинанын куралдуу күчтөрү Харьков облусундагы 30дай конушка көзөмөл орнотту. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский кечээги кайрылуусунда билдирди.
Анын айтымында, "активдүү аракеттер бир нече оперативдүү багыттарда жүрүп жатат".
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Борбор Азия өлкөлөрүнүн журналисттери менен онлайн жыйын куруп, согуштун жүрүшү жөнүндө сүйлөштү. Ал куралдуу жаңжалга аталган чөлкөмдөгү мамлекеттер тийиштүү реакция жасабаганын билдирип, Украина жеңилсе, Орусия постсоветтик башка өлкөлөргө кол саларын эскертти.