Балаклеяда кайрадан Украинанын туусу көтөрүлдү
Украин аскерлеринин контрчабуулунан кийин бошотулган Балаклея шаарында (Харьков облусу) өлкөнүн желегин көтөрүү аземи өттү.
Жергиликтүү бийликтер Купянск алынганын ырасташты
Бул тууралуу Харьков облусунун облустук администрациясынын башчысынын кеңешчиси Наталья Попова билдирди. Ал Украина чыгышындагы стратегиялык жактан маанилүү шаар алынган тууралуу өз билдирүүсүнө украиналык аскерлердин сүрөтүн кошо тиркеген.
Украиналык аскерлер Купянск шаарынын көбүн көзөмөлдөп турушу мүмкүн
Украиналык аскерлер Харьков облусундагы чоңдугу жагынан үчүнчү орунда турган Купянск шаарын жана эң маанилүү жол түйүнүн көзөмөлгө алганы кабарланууда.
Кечээ кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Харьков облусундагы 30 калктуу пунктту бошотконун билдирген.
Москванын муниципалдык Ломоносов округунун депутаттары президент Владимир Путинге кайрылып, анын отставкасын талап кылышты. Алар өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн бийлик алмашып турушу керек деп эсептешет. Алар "Путин экинчи мөөнөткө шайланып келгенден кийин "баары бузулганын" да белгилешкен. Депутаттардын президентке кайрылуу жасаганы боюнча протоколдук чечими округдун расмий сайтына жарыяланды.
Кайрылууда депутаттар Путин жана анын кол алдындагылардын агрессивдүү риторикасы Орусияны кайра "кансыз согуш" дооруна алып келгенин, ички дүң өнүм кыскарганын, минималдуу айлык акы мурда айтылган көрсөткүчкө чейин көтөрүлбөгөнүн, акылдуу жана жумушка жарамдуу адамдар өлкөдөн кетип жатканын белгилешкен. Орусияда убада кылынган туруктуулуктун дайыны да жок экенин айтышкан.
Буга байланыштуу алар президенттин кызматтан кетүүсүн суранышууда.
"Сиздин көз карашыңыз, башкаруу моделиңиз эскирип, Орусиянын өнүгүшүнө жана анын адамдык потенциалына тоскоол болууда", - деп жазган муниципалдык депутаттар.