Украинанын армиясы контрчабуулдун натыйжасында Харьковдун түндүк-чыгышындагы Балаклея шаарына толук көзөмөлүн орнотту. Расмий Киев 10-сентябрда Telegram каналы аркылуу Балаклеяда украин туусу илинип, аскерлер Купянскиге киргенин, Лисичанскинин босогосунда турганын, Лиман үчүн салгылашуу уланып жатканын билдирди.
Мындай билдирүү Орусиянын Коргоо министрлиги украин тарап контрчабуул баштагандан бери биринчи жолу эки багыт боюнча өз күчтөрүн чыгара баштаганын жарыялагандан кийин жасалды.
Орус Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков аскерлер Балаклея жана Изюм районунан Донецк облусуна жибериле турганын айткан.
Бул кадамды "атайын аскердик операциянын максатына жетүү үчүн Донецк багытында аракеттерди күчөтүү" катары түшүндүргөн.
Украинанын Коопсуздук кызматы буга чейин өз армиясы Харьков облусундагы Купянск шаарына киргенин маалымдаган.
Харьковдон 120 чакырым алыстыкта жайгашкан Купянск шаары Украинанын чыгышындагы транспорттук түйүн болуп саналат, Донбасстагы орусиялык күчтөрдү жабдуу үчүн стратегиялык мааниге ээ.
Орусия Украинага быйыл февралдын аягында басып кирген. Июлда Харьковду оккупациялагандан кийин украин армиясы бошотуу аракеттерин баштаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин билдирүүсүндө, өлкөнүн күчтөрү жалпы 2000 квадрат километрдей аймакты бошотту.
Украин аскерлери Изюмдан видео жарыялашты
Украин армиясынын Сичеславский атындагы 25-десанттык аба бригадасынын жоокерлери социалдык тармакка Харьков облусундагы Изюм шаарынын чет жакасында тартылган видеону жарыялашты. Шаарды украин аскерлери бошоткону тууралуу маалыматтар таңдан бери айтылууда.
Украин аскер башкармалыгы түштүктө алдыга жылганын билдирди
Украинанын армиясы өлкө түштүгүндөгү Херсон жана Запорожье облустарында экиден онго чейин километр алдыга жылды. Бул тууралуу украиналык телеканалдын эфирине "Юг" бириккен аскер башкармалыгынын өкүлү Наталья Гуменюк билдирди. Ал кайсы пункттар бошотулганы тууралуу айткан жок.
Изюм жана Лиман да украин аскерлери тарабынан бошотулганы кабарланууда
Харьков облусунда украин аскерлери Купянск шаарынан тышкары Изюм менен Лиманды бошоткону тууралуу да кабарлар келип жатканын, бул тууралуу орусиялык да, украиналык да Телеграм-каналдар кабарлаганын "Свобода" радиосу жазды.
Фронттун бул участкалыктарындагы орусиялык аскерлер курчоодо калганы айтылууда. Расмий ырастоолор азырынча жок. Украинанын коргоо министри Алексей Резников РБК-Украинага курган маегинде армия каршы тараптын "логистикалык чынжырларын" үзүп чегинүүгө мажбур кылганын айтты.
Харьковдогу азыркы операция украиналык аскерлердин акыркы айлардагы эң чоң ийгилиги катары каралууда.