Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:34
Wildberries кампасындагы өрт. Краснодар шаары, 2026-жылдын 22-июлу.
Wildberries кампасындагы өрт. Краснодар шаары, 2026-жылдын 22-июлу.

Wildberries'тин кампаларына чабуул уланды, жабыркагандар бар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:36 20.9.2022

Украинанын чыгыштагы облусунун аймагында өздөрүн “Луганск Элдик Республикасы” (“ЛЭР” – “ЛНР”) деп жарыялап алган жикчил түзүмдүн Жогорку соту Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) миссиясынын кызматкерин 13 жылга кести. Ал мамлекеттик чыккынчылык жана АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (ЦРУ) менен кызматташкан деп айыпталган. Соттук өкүм тууралуу жикчилдер башкарган Луганск маалыматтык борбор кабарлады. Соттолгон адам Дмитрий Шабанов аттуу Украинанын жараны экени маалымдалды. Ал согуш башталган февралдан кийин кармалган ЕККУнун алты өкүлүнүн бири. Алардын үчөөнү, анын ичинде Шабановду жикчилдер дале камакта кармап келишет.

18:49 14.9.2022

Зеленский Орусиянын аскерлеринен бошотулган Изюм шаарына барды

14-сентябрда Крым.Реалии сайты Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аскерлеринен бошотулган Харьков облусундагы Изюм шаарына барганын жазды. Маалыматка караганда, ал шаардан орус күчтөрүн сүрүп чыгарган украин аскерлерине ыраазычылык билдирип, курман болгондордун элесине таазим кылды.

“Мурда биз өйдө караганыбызда дайыма көк асманды издечүбүз. Бүгүн биз өйдө карап, бир гана нерсени - Украинанын желегин издеп жатабыз. Биздин туу Изюмда желбиреп турат жана Украинанын ар бир шаарында, айылында болот. Биз бир гана багытта – алдыга жана жеңишке баратабыз”, - деди Зеленский.

18:48 14.9.2022

ISW: Орусия Украинадагы согушта жеңилгенин биринчи жолу моюнга алды

АКШдагы Согушту изилдөө институту (ISW) Орусия Харьков облусунда аскерлери артка чегингенин ырастап, Украинадагы согушта жеңилгенин биринчи жолу моюнуна алганын билдирди. Бул тууралуу институттун фронттогу кырдаалды анализдеген күнүмдүк баяндасында айтылат.

Институт Кремль Украинанын армиясы орус аскерлерин Киевден жана Змеиный аралынан сүрүп чыкканда жеңилгенин моюнуна албаганын айтып, бул жолу да Харьковдо чегинишин “кайрадан күч топтоо” менен байланыштырууда деп эсептейт.

18:47 14.9.2022

Социалдык тармактарда Украинада орус аскерлеринин катарында согушкан эки өзбекстандык туткунга түшкөнү тартылган видео тарагандан кийин Өзбекстандын Киевдеги элчилиги өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине окуя тууралуу кенен маалымат алуу үчүн нота жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG