Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Өзбекстан Украинадагы согушта кармалган өзбектер боюнча Киевге нота жөнөттү


Интернетке тараган видеодон алынган скриншот.
Интернетке тараган видеодон алынган скриншот.

Социалдык тармактарда Украинада орус аскерлеринин катарында согушкан эки өзбекстандык туткунга түшкөнү тартылган видео тарагандан кийин Өзбекстандын Киевдеги элчилиги өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине окуя тууралуу кенен маалымат алуу үчүн нота жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.

10-сентябрда украиналык аскердик кабарчы Юрий Бутусов Ютубдагы каналына жарыялаган видеодо Балаклея шаарына жакын жерде орус армиясынын катарында согушкан эки өзбекстандык кармалганы көрсөтүлгөн. Колу-буту, көзү-башы байланган аскердик кийимчен кишилер суракка алынып жатканын көрүүгө болот.

Кармалгандардын бири өзүн Ахмедов Мухлиддин деп тааныштырган 22 жаштагы жигит Өзбекстандын Самарканд облусунда туулганын айтып берген. Ал Москвада окуй турганын, акча табуу үчүн жеке аскердик топко кошулганын билдирген.

Орус күчтөрүнүн катарында согушуп жаткан аскердик жеке компаниялардын курамында кыргыз, өзбек, казак, тажик жарандары мерт болгону же кармалганы тууралуу маалыматтар буга чейин да чыккан. Бирок туткунга түшкөндөрдүн видеосу жарыялана элек болчу.

Буга чейин Өзбекстандын Москвадагы элчилиги өзбекстандыктарга кайрылып, чет мамлекеттердин аймагында ыктыярдуу батальон түзүп же согуштук аракеттерге катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен. Ага чейин Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция боюнча агенттиги жарандарды Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырган.

XS
SM
MD
LG