Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30
Запорожьеге соккунун кесепети. 21-июль, 2026-жыл
Запорожьеге соккунун кесепети. 21-июль, 2026-жыл

Орусия Запорожьеге авиабомба таштап, киши өмүрү кыйылды, экөө жарадар

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:10 29.9.2022

Орусияда мобилизациялангандардын бир бөлүгү Беларуска жөнөтүлөт

Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, мобилизацияланган 20 миң жаран Беларустун февраль айында орус күчтөрү Киевге чабуул койгон аймагына жөнөтүлөт.

Башкармалыктын билдиришинче, алар бул өлкөгө жайгашкан аскердик бөлүктөрдөгү аскерлерди "толукташы" керек. Мобилизациялангандар жарандык обьектилерге жана эски фермаларга жайгаштырылат. Аларды ташууга жарандык жүк ташуучу жана жеңил унаалар тартылат.

15:24 29.9.2022

Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлиги Украинага кезектеги жардам көрсөтүүнүн алкагында 1,1 миллиард долларлык аскер техникасы жана жабдуулар берилерин билдирди. Анын ичинде 18 HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү система бар.

Жыл башынан бери Вашингтон Киевге жалпысынан 16,2 милилард долларлык жардам көрсөттү. АКШнын президенти Жо Байден 16-сентябрда украин армиясына 600 миллион долларл жардам берилерин маалымдаган.

15:23 29.9.2022

Швециянын Жээктеги сакчы кызматы Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым” газ куурларынын системаларынан дагы бир жыртыкты аныктап чыкты. Евробиримдик жана Орусия муну диверсиянын кесепети деп атап жатышат, ошентсе да эч бир тарапты айыптай элек.

Aftonbladet жана Svenska Dagbladet швед басылмалары кабарлагандай, төртүнчү тешик Швециянын эксклюзивдик экономикалык аймагына туура келет. Анда келтирилген залал мурдагы табылган үч жыртыкка салыштырмалуу чаканыраак экени айтылды. Адистер жылчыктар аркылуу куурларга деңиз суусу кирип, туз каптап кеткендиктен долбоор биротоло жарактан чыгып калышы мүмкүн экендигин айтып жатышат.

15:22 29.9.2022

Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен Орусия Украинанын төрт облусунда өткөргөн, эл аралык коомчулук тааныбаган референдумдарды өткөргөнү үчүн Москвага санкция салууну сунуштады.

Ал 28-сентябрда билдиргендей, жаңы санкциялар Украинадагы согушту жалган референдумдар аркылуу күчөткөнү үчүн Кремлге кымбатка турат.

"Биз эч качан жасалма референдумдарды, Украинанын аймактарынын аннексияланышын кабыл албайбыз жана кырдаалды чыңалтканы үчүн Кремлге жогору баа төлөтөбүз", - деди Урсула фон дер Ляйен.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG