Украиналык аскерлер Донецк облусундагы Лиман шаарына киришти. Акыркы күндөрү шаар үчүн айыгышкан кармаштар жүргөн. Киев бул кабарды ырастады.
Орусиянын кремлчил Телеграм-каналдары орусиялык аскерлер шаардан чыгып кеткенин жазышууда деп билдирди "Свобода" радиосу. Орусиянын Коргоо министрлиги ишемби күнү түштөн кийин аскерлер "коркунучтан улам коопсуз жакка чыгарылганын" билдирди.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Телеграм-каналында Борбордук аскердик аймакты башкарган генерал-полковник Александр Лапинди айыптап билдирүү жазды. Кадыров Кремлди чек арага жакын аймактарга аскердик абал жарыялап, "анча кубаттуу эмес өзөктүк куралды" колдонууга чакырган.
Ишемби күнү социалдык тармакта Лиманга кирген украиналык аскерлердин видеосу тарады.
Буга чейин украин аскерлери орус күчтөрүнүн колундагы Лиман шаарын толугу менен курчоого алган. Бул тууралуу "Настоящее Время" телеканалына Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн атайын даярдыктагы 1-бригадасынын аскери Тарас Березовец билдирген.
Украинанын аскерлери 1-октябрга караган түнү Лиманга өтчү бардык жолдорду жапкан. Курчоого алынган шаарда 5,5 миң орус аскери бар экени кабарланган. Украин күчтөрү аларга багынып берүүнү сунуштаган.
- Лиман орус күчтөрүнүн колуна ушул жылдын май айында өткөн. Бул эң маанилүү темир жол түйүнү жайгашкан шаар. Мындан тышкары шаарды алуу украин күчтөрүнө Луганск облусуна түндүктөн жана батыштан чабуул коюуга жардам берет. Украиналык аскерлер Лиманга чабуулду шаардын түндүк-чыгышындагы Харьков облусундагы ийгиликтүү операциясынан кийин баштаган.
- Жума күнү Орусиянын президенти Владимир Путин украиналык төрт аймакты аннексиялап алганын жар салган.
Украин аскерлери орус күчтөрүнүн колундагы Лиман шаарын толугу менен курчоого алды. Бул тууралуу "Настоящее Время" телеканалына Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн атайын даярдыктагы 1-бригадасынын аскери Тарас Березовец билдирген.
Украинанын аскерлери 1-октябрга караган түнү Лиманга өтчү бардык жолдорду жапкан. Курчоого алынган шаарда 5 жарым миң орус аскери бар. Украин күчтөрү аларга багынып берүүсүн сунуштоодо.
Монголиянын Иммиграция агенттиги атайын өтүнүч менен кайрылган орусиялыктарга жашоого уруксат берүүгө даяр. Бул тууралуу аталган агенттиктин жетекчиси Нэргуйн Ууганбаяр билдирди. Ал Монголияда жашоого уруксат берүүнүн 56 түрдүү категориясы бар экенин айтып, убактылуу жашап турууну каалаган Орусиянын жарандары кайрыла турган болсо анын бир түрү бериле турганын белгиледи.
Орусиянын президенти Владимир Путин күз айында аскерге чакыруу жарлыгына кол койду. Буга байланыштуу документ укуктук маалымат интернет-порталына жарыяланды. Ага ылайык, аскерге 120 миң жоокер чакырылат.
Башкы штабдан билдиришкендей, жаңы чакырылган жоокерлер Укрианадага согушка жиберилбейт, алар демобилизациядан кийин үйүнө жөнөтүлөт.