АКШ, Улуу Британия жана Канада Орусиянын төрт украин облусун аннексиялап алганына байланыштуу Москвага каршы жаңы санкцияларды салып, "кара тизмесин" кеңейтти. Бул жолу эң чоң аткаминерлерден Орусиянын Борбордук банкынын башчысы Эльвира Набиуллина "кара тизмеге" кирди.
АКШнын санкциялык тизмесине вице-премьер Александр Новак, Борбордук банктын жетекчисинин орун басары Ольга Скоробогатова жана Федерациялар кеңеши киргизилди. Мындан сырткары Мамдуманын жана Федералдык кеңештин мүчөлөрү Сергей Миронов, Андрей Клишас, Константин Косачев, Елена Мизулина, Людмила Нарусова, Леонид Слуцкий жана башкалар да кошулду.
Президент Владимир Зеленский Украина Түндүк атлантикалык аскердик уюмга (НАТО) шашылыш тартипте кирүүгө арыз бергенин жарыялады. Бул тууралуу ал 30-сентябрда өлкөнүн Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин отурумунун жыйынтыгында жарыялады.
“Де-факто биз НАТОго кирүүчү жолду басып өттүк. Де-факто биз Түндүк атлантикалык уюмдун стандарттарына шайкеш келерибизди далилдедик. Алар Украина үчүн реалдуу – согуш талаасында жана биздин өз ара кызматташуубуздун бардык аспектилеринде реалдуу. Биз бири-бирибизге ишенебиз, бири-бирибизге жардам берип жатабыз жана бири-бирибизди коргоп жатабыз. Ушунун өзү Түндүк атлантикалык уюм. Де-факто. Аны де-юре ишке ашыруу үчүн бүгүн Украина арыз берет. Баары биздин коомчулугубузду коргоо үчүн маанилүү процедурага ылайык жүрөт. Ыкчамдатылган тартипте. Биз Украинанын НАТОго шашылыш түрдө кирүү арызына кол коюу менен биз өзүбүздүн кадамыбызды жасадык”, – деди ал жыйындан кийин телеграм каналына чыгарган видео кайрылуусунда.
Сентябрдын башында орусиялык күчтөр Изюмдан чегингенден кийин Лиман шаары аларын өлкө чыгышындагы коргонуу чебине айланган. Учурда украин күчтөрү бул аймактагы операцияларын улантып, акыркы күндөрү Лимандын түндүк жана чыгыш тарабын ээлешти. Эми шаардагы орус аскерлери курчоодо калышы мүмкүн болуп турат.
Бул аймактагы "орус администрациясынын башчысы" Александр Петрикин "шаардагы абал оор" деп билдирди. Өзүн-өзү "Донецк Элдик Республикасы" деп жарыялап алган түзүмдүн мурдагы лидери Александр Бородай фронтто адам жетишсиз экенин маалымдады. Орусиялык маалымат булактары Лиман жана аны менен коңшулаш Дробышево айылын камсыздоо линиялары украин күчтөрүнүн аткылоосуна кабылып жатканын кабарлашкан. Кийинчерээк бул жол талкаланганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул кабарды көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн эмес.
Америкалык Согушту изилдөө институту орус аскерлеринин Лиман аймагында курчоого алынышы аларды оор кесепеттерге алып келиши, украин күчтөрүнүн Луганск облусунун батышындагы, ошол аймактагы Лисичанск, Северодонецк шаарларындагы орус позицияларына коркунуч келтириши мүмкүн экенин бир күн мурун билдирген.
Финляндия 29-сентябрда түн жарымдан тартып туристтик шенген визаларын алган орус жарандары үчүн чек арасын жапты. Бул тууралуу Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто кабарлады.
Министр түшүндүргөндөй, визалык чектөө киргизүүгө Украинанын чыгышында өткөн жалган референдумдар жана “Түндүк агым” газ куурундагы жарылуулар себеп болду. Ал жумуш, окуу иштери менен бараткандар жана Евробиримдиктин аймагында туугандары барлар Финляндияга кире ала турганын, башпаанек алгысы келгендер арыз берсе болорун тактады.