Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:17 10.10.2022

Киев шаарынын Шевченко районуна урулган ракеталык соккудан сегиз киши мерт болуп, 24 жайкын тургун жараат алды. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Ростислав Смирнов билдирди.


13:01 10.10.2022

Орусиянын армиясы Киев шаарынын борбордук бөлүгүнө сокку урду

Шаар мэри Виталий Кличконун билдиришинче, жардыруулардын бири Шевченко районунун Владимир көчөсүндө болгон. Бул жер шаардын борборунда, Киев улуттук университети менен Шевченко паркынын жанында жайгашкан.

Украиналык басылмалар Киевде беш жарылуу болгону угулганын жазышты. Шаар борборуна урулган ракеталык соккудан улам каза болгондор жана жарадарлар бар экенин Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматы билдирди. Шаарда бир канча унаа өрттөнүп жатат. Киев облусунда абадан коргонуу системасы иштеп жатканы кабарланды.

Евробиримдиктин Украинадагы миссиясынын башчысынын Киевге келгенден кийинки сүрөтү:

22:01 9.10.2022

Крым көпүрөсүнүн талкаланган жериндеги аймакты бүгүн 9-октябрдын таңында суучулдар изилдей башташты. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

8-октябрда Керч кысыгындагы көпүрөдө жарылуу болгон. Автомашиналар жүргөн жолдун бир жак тарабындагы бир нече метрлик тилке талкаланып, сууга түшкөн жана поезд жүрүүчү жол да жабыркаган.

14:11 9.10.2022

Украинанын көзөмөлүндөгү Запорожье шаарына 9-октябрга караган түнү жасалган кезектеги ракеталык катуу чабуулдун айынан кеминде 17 адам каза болгонун жергиликтүү бийлик билдирди.

Онго жакын жерде жарылуу болгонун, көп кабаттуу жана менчик үйлөр талкаланганын шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев «Телеграмдагы» каналына жазды.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG