Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевге издөө жарыялады. Ал өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине шек келтирүү беренесинин алкагында изделип жатат.
Украинанын Ички иштер министрлигинин базасында Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган саясатчынын үстүнөн сотко чейинки иликтөө жүрүп жатканын маалымдалат.
Бул берене боюнча жогорку жаза - мүлкүн конфискация кылуу менен 10 жылга чейин камакка алуу.
Путин Украинаны жапырт аткылоону “жооп” деп атады
Орусиянын президенти Владимир Путин 10-октябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, анда Украинаны Орусиянын аймагында террордук актыларды даярдоого жана аткарууга айыптады. Путин украин атайын кызматтары Кара деңиз аркылуу өткөн “Түрк агымы” газ куурун жардырууга аракет кылганын, бирок ал ишке ашпай калганын айтты.
Ал мурдараак Орусиянын “Курск атомдук электр станциясына каршы терракттар болгонун” белгилеп, Крымдагы жардыруу үчүн Украинаны күнөөлөдү.
“Криминалисттик жана башка экспертизалардын маалыматы, ошондой эле ыкчам маалыматтар 8-октябрдагы жарылуу – бул террордук акт экенин, Орусиянын маанилүү инфратүзүмдөрүн жок кылууга багытталган теракт экенин көрсөтүүдө. Буйрутма бергендер, уюштуруучулар, аткаруучулар – бул украин атайын кызматтары. Киев режими мурдатан эле террордук ыкмаларды колдонуп келген”, – деди Путин.
Путин 10-октябрдагы чабуулдар ушуга жооп экенин, “соккулар абадан, деңизден жана жерден алыскы аралыкка атылчу жогорку тактыктагы куралдан” атылганын айтты. Ал Украинанын энергетикалык, аскердик жана байланыш объектилери талкаланганын кошумчалады. Орус президенти Орусиянын аймагында теракттарды уюштуруу аракети болсо, “жооп мындан да катуу болорун” эскертти.
Украина “Чоң жетинин” шашылыш жыйынын өткөрүүнү өтүндү
Украин президенти Владимир Зеленский Германиянын канцлери Олаф Шольц менен “Чоң жети” (G7) уюмуна кирген өлкөлөрдүн чукул жыйынын өткөрүп, Орусиянын жапырт ракеталык аткылоосунан кийинки өлкөдөгү соңку кырдаалды талкуулоону макулдашты. Бул тууралуу Зеленский Твиттердеги баракчасына жазды.
Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ кирген “Чоң жети” уюмуна быйыл Берлин төрагалык кылып жатат. Зеленский жыйынга онлайн катышуусу мүмкүн. Германиянын өкүлү жыйын шейшемби күнү өтүшү мүмкүндүгүн билдирди.
10-октябрдын таңында Орусиянын күчтөрү Украинанын шаарларына жапырт ракеталык сокку урду. Киевде жана Днепр, Харьков, Житомир, Одесса, Николаев, Тернопол, Винница, Кривой Рог, Запорожье, Львов баштаган ондогон шаарларга аткылоо болду. Бир катар объектилер талкаланып, ондогон адам өлдү.
Телеграм-каналында жарыялаган кыска видеодо украин президенти Владимир Зеленский кооптуу жагдай дале сакталып турганын айтып, калкты баш калкалоочу жайларга кирип турууга чакырды.
“Оор таң болду. Биз террорчулар менен алпурушуп жатабыз. Ондогон ракеталар, анын ичинде ирандыктардын "Шахиддери" бар. Алар энергобьектилерди жана жайкын тургундарды бутага алууда. Чабуул үчүн атайын ушул убакытты тандап алышкан. Бүгүн коргонуучу жайларда болуңуздар, коопсуздук эрежелерин сактаңыздар. Украина бул душманга чейин эле болгон, андан кийин да жашай берерин эсиңерден чыгарбагыла”, – деди Зеленский.
Орусиянын Украинага багытталган канаттуу үч ракетасы Молдованын аймагына түштү. Бул тууралуу Молдованын Тышкы иштер министрлиги кабарлап, Москвадан түшүндүрмө талап кылды.
“Бүгүн таңда Кара деңиздеги орусиялык кемелерден Украинага атылган канаттуу ракеталар Молдованын аба мейкиндигин бузду. Мен Орусиянын элчилигин чакырып, түшүндүрмө берүү тапшырмасын койдум”, – деп жазды Молдованын тышкы иштер министри Нику Попеску Твиттердеги баракчасында.