Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларын жапырт аткылоосун 11-октябрда да улантты. Бул күнү дээрлик бардык облустарда аба айгайы (воздушная тревога) жарыяланды.
Киев жана Одесса облусундагы айылдар, Запорожье, Львов, Винница, Ивано-Франковск, Кривой Рог, Николаев жана башка шаарларга ракета, дрон жана артиллерия менен сокку жасалды. Ондогон имараттар талкаланды, бир нече адам өлдү. Жаракат алгандар да арбын.
АКШ Украинага аба соккусунан коргонуучу заманбап аскер техникаларын берет. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен сүйлөшүү учурунда айтканын Ак үй билдирди.
Президент Байден Орусиянын Украинанын шаарларын ракета менен аткылоосун сынга алып, Украинага өзүн коргоосуна зарыл техникаларды берүүгө убада кылды. Жо Байден Орусияны украин аймагындагы жосундары үчүн жоопко тартууга өнөктөштөрү менен бирге аракеттенип жатканын белгиледи.
Украинанын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) элчиси Башкы ассамблеянын чукул жыйынында Орусияны “террордук мамлекет” деп айыптады.
"Орусия террордук мамлекет экенин дагы бир жолу далилдеди, аны токтотуу керек", - деди элчи Сергей Кыслыц.
БУУ 10-октябрга Орусиянын Украинанын төрт аймагын аннексиялап алуусун айыптаган резолюция долбоорун талкуулоо жыйынын белгилеген. Сессияда Москванын Киевден Крым көпүрөсүн жардырганы үчүн өч алуу максатында Украинанын шаарларына 80ден ашык ракета учуруу чечимин айыптоо үстөмдүк кылды.
Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевге издөө жарыялады. Ал өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине шек келтирүү беренесинин алкагында изделип жатат.
Украинанын Ички иштер министрлигинин базасында Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган саясатчынын үстүнөн сотко чейинки иликтөө жүрүп жатканын маалымдалат.
Бул берене боюнча жогорку жаза - мүлкүн конфискация кылуу менен 10 жылга чейин камакка алуу.