Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов элчилик Киевде штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.
Ал Фейсбук баракчасында жарыялаган билдирүүдө Украинада кырдаал курч экенин, ракеталык-бомбалык соккулар өлкөнүн бүт аймактарында уланышы мүмкүн деген кооптонуу бардыгын белгилеген. Элчи бул өлкөдөгү кыргызстандыктарды коопсуз жерде болууга үндөгөн.
Орусиянын Росфинмониторинг мекемеси Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган Meta компаниясын экстремисттик жана террористтик уюмдардын реестрине киргизди. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.
Көз карандысыз юрист Павел Чиков бул боюнча прокуратуранын эскертүүсүн жарыялап, анда Meta экстремисттик деп табылгандыктан социалдык тармактардагы посттор да “экстремисттик аракетке катышуу” катары каралышы мүмкүндүгүн белгиледи.
Орусиянын Москва шаарында полиция кызматкерлери Travel Inn хостелинин эки жердеги филиалында жашап жаткан бир нече адамды мобилизациянын пунктуна алып кетти. Бул тууралуу орус тилинде маалымат тараткан эл аралык RTVI телеканалы мейманкананын администрациясына таянуу менен кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, полиция башка мейманканадаларды кыдырып жатат. Мындан сырткары жаштар чогулган Red Gates жана Under The Ground репетициялык базаларына да келишкени баяндалат. Алар кызматкерлердин, музыканттардын паспортторун алып коюп, аскер комиссариаттарына барууга милдеттендиришүүдө.
Америка Кошмо Штаттарынын бир катар ири аэропорттору дүйшөмбүдө Орусиянын аймагынан жасалган кибер чабуулдардын бутасына айланды. Бул тууралуу америкалык басылмалар расмий адамдарга таянуу менен кабарлады.
Чабуулдар аба кыймылдарын жана коопсуздугун көзөмөлдөө системаларын буза алган эмес. Хакерлер сайттарды, анын ичинде учактардын учуусу жана учуп келүүсү тууралуу маалыматтарын кыска убакытка толук же жарым-жартылай бөгөттөп салышкан.