Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:39

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:45 15.10.2022

Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы Орусияны “террордук режим” деп атаган резолюцияны жактырды. Бул тууралуу Украинанын ассамблеядагы делегациясы билдирди. Документти 99 делегат колдоду. Бардыгы болуп ассамблеяга 306 киши кирет, бирок катышуучулардын көпчүлүгү колдосо, документ кабыл алынат.

Украин президенти Владимир Зеленский ассамблеяда сөз сүйлөгөндө орус аскерлери чегинген аймактардагы жүрөк үшүн алган абал жөнүндө баяндап, Орусиянын башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүгө барбасын, эл аралык мыйзамдарды урматтабаган лидерлер менен дипломатия мүмкүн эместигин кайталады.

18:44 15.10.2022

БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарындагы төрт украин аймагын аннексиялап алганын көпчүлүк добуш менен айыптады.

12-октябрдагы Башкы ассамблеянын 193 мүчөсүнүн көбү Москванын кадамын "мыйзамсыз" деп атаган резолюцияны колдоп добуш беришти.

Резолюцияга каршы Сирия, Никарагуа, Түндүк Корея жана Беларус добуш берди.

35 өлкө, анын ичинде Кытай, Индия, Түштүк Африка, Пакистан, Борбор Азиядан Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан калыс бойдон калган.

18:43 15.10.2022

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери Украинага аба соккусунан коргонуучу жабдыктарды берүүнү кубатташты. 12-октябрда өнөктөштөр Украинага абадан коргонуучу жаңы системалар берилерин жарыялашты.

Франция жакынкы жумада радарлар менен аба соккусунан коргонуучу жабдууларды берет. Канада артиллериялык снаряддар менен кошо аскерлерди кышкы кийим менен жабдымай болду. Германия абадан коргонуучу төрт IRIS-T SLM системасынын алгачкысын жөнөттү. АКШ болсо NASAMS системасын жиберет.

18:43 15.10.2022

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер Орусия аннексиялап алган Украинанын чыгышындагы Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарында жана Грузиянын аймагындагы Түштүк Осетияда берген паспортторду тааныбайт. Бул тууралуу Европа Кеңешинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул аймактарда жалпы жарандык паспорт алган жарандар Шенген визасын же, улуттук визаларды алган учурда Евробиримдикке кире албайт. Мындай паспортторго жаңы визалар эми басылбайт.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG