Украинанын күчтөрү Херсон облусунан дагы беш айылды бошотту
Украин аскерлери Орусиянын күчтөрү басып турган Херсон облусунун Бериславский районунда Нововасиловка, Новогригоровка, Новая Каменка, Трифоновка, Червоное аттуу беш айылды бошотту. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 12-октябрдагы билдирүүсүндө айтылды.
Үч күн мурдагы маалыматында украин тарап августтун башынан бери Херсондо 1200 чакырым чарчы аянтты кайтарып алганын маалымдаган.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Крым көпүрөсүндөгү жардырууну уюштурууга шектелген сегиз адамды кармады. Бул тууралуу мекеменин билдирүүсүнө таянуу менен орусиялык басылмалар кабарлады.
Кармалгандардын бешөө Орусиянын, үчөө Украинанын жана Армениянын жарандары. Мекеме жалпы 12 адамды шектүү катары карап жатат, дагы үч киши кармала элек.
АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путин чечимдерди иррационалдуу кабыл алып жатат деп эсептебейт, бирок ал Украинага кол салуу менен катуу жаңылышты деп билдирди. Бул тууралуу пикирин ал CNN телеканалына курган эксклюзивдик интервьюсунда айтты.
Байден Путин украин элинин каршылык көрсөтүүсүн баалай албай калганын, бул кол салуунун мотиви таптакыр акылга сыйгыс болгонун белгиледи.
Украинанын президенти Владимир Зеленский “Чоң жети” (G7) уюмунун лидерлерине кайрылып, аларды Орусиянын энергетикалык секторун бөгөттөөгө чакырды. Ал 11-октябрдагы кеңешмеде онлайн сүйлөп жатып, Москва мунайдан жана газдан түшкөн кирешесинен кол жууса, Украинага чабуулун азайтарын белгиледи.
Анын сөзүнө караганда, украин шаарларын жана электр станцияларын аткылоо менен Орусия 10-октябрда согуштун жаңы этабын баштаганын, ошондуктан жаңы санкциялар зарылдыгын айтты. Зеленский “Орусия чабуулун канчалык күчөткөн сайын өнүккөн, демократиялык дүйнө ага реакциясын ошончолук күчөтүшү керектигин” кошумчалады.