Франция алгачкы жолу Германияга жаратылыш газын бере баштады. Бул тууралуу Associated Press агенттиги франциялык газ ишканасына шилтеме кылып билдирди.
Германиянын Федералдык тармактар агенттигинин башчысы Клаус Мюллер Францияга жаратылыш газы үчүн ыраазычылык айтты.
Associated Press агенттиги Германиядагы газ сактоочу жайлар 95% толтурулганын белгилеп, бирок баары бир кышында эл газды үнөмдөөгө аргасыз болорун жазды.
Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы Орусияны “террордук режим” деп атаган резолюцияны жактырды. Бул тууралуу Украинанын ассамблеядагы делегациясы билдирди. Документти 99 делегат колдоду. Бардыгы болуп ассамблеяга 306 киши кирет, бирок катышуучулардын көпчүлүгү колдосо, документ кабыл алынат.
Украин президенти Владимир Зеленский ассамблеяда сөз сүйлөгөндө орус аскерлери чегинген аймактардагы жүрөк үшүн алган абал жөнүндө баяндап, Орусиянын башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүгө барбасын, эл аралык мыйзамдарды урматтабаган лидерлер менен дипломатия мүмкүн эместигин кайталады.
БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарындагы төрт украин аймагын аннексиялап алганын көпчүлүк добуш менен айыптады.
12-октябрдагы Башкы ассамблеянын 193 мүчөсүнүн көбү Москванын кадамын "мыйзамсыз" деп атаган резолюцияны колдоп добуш беришти.
Резолюцияга каршы Сирия, Никарагуа, Түндүк Корея жана Беларус добуш берди.
35 өлкө, анын ичинде Кытай, Индия, Түштүк Африка, Пакистан, Борбор Азиядан Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан калыс бойдон калган.
НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери Украинага аба соккусунан коргонуучу жабдыктарды берүүнү кубатташты. 12-октябрда өнөктөштөр Украинага абадан коргонуучу жаңы системалар берилерин жарыялашты.
Франция жакынкы жумада радарлар менен аба соккусунан коргонуучу жабдууларды берет. Канада артиллериялык снаряддар менен кошо аскерлерди кышкы кийим менен жабдымай болду. Германия абадан коргонуучу төрт IRIS-T SLM системасынын алгачкысын жөнөттү. АКШ болсо NASAMS системасын жиберет.