Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:11
Украинанын учкучсуз учак башкаруучу аскер кызматкери. Архив сүрөт.
Украинанын учкучсуз учак башкаруучу аскер кызматкери. Архив сүрөт.

Украинанын Орусияга каршы соккуларынан кеминде жети адам каза болгону кабарланды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:38 18.10.2022

17-октябрдын таңында Украинанын баш калаасында Орусиянын дрон менен аткылоосунан төрт адам каза тапты. Өлкөнүн чыгышында жана түштүгүндө дагы бир нече аймак аткыланды.

Киевдин мэри Виталий Кличко мерт болгондор арасында кош бойлуу келин менен күйөөсү бар экенин, алардын сөөгү уранды алдынан табылганын, 18 киши куткарылганын Телеграм-каналына жазган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 16-октябрдын кечинен тартып, 17-октябрдын таңына чейин кеминде 25 калктуу пункт аткыланганын билдирди.

Зеленский украин абадан коргонуу күчтөрү көптөгөн ракеталарды жана дрондорду атып түшүргөнүн жазып, ошол эле учурда өлкө асманын коргоо үчүн күчтүүрөөк жабдууларга муктаж экенин ачыктады.

АКШ президенти Жо Байдендин маалымат катчысы Карин Жан-Пьер Ак үй "Орусиянын ракета менен аткылоосун чечкиндүү сындайт" деп айтып, бул "президент Путиндин ырайымсыздыгын көрсөтүүнү улантып жатканы" деп сыпаттады.

11:15 18.10.2022

Дүйшөмбүнүн кечинде Краснодар крайынын Ейск шаарындагы эл жашаган көп кабаттуу үйдүн жанына аскердик учак кулады.

Чоң өрт чыгып, төрт адам мерт болду, 25 адам жараат алды. Дагы алты адам менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Аймакта чукул кырдаал киргизилди.

"Сота" Телеграм-каналы учак кыйроосунан улам, үйдөгү алты адам өлүп, 27 киши жараат алганын, жабыркагандардын арасында балдар да бар экенин жазды.


Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик учагы кыйраганын ырастады. Министрликтин билдирүүсүнө караганда, Су-34 учагы машыгуу учурунда кулаган. Учкучтар парашют менен секирип кетүүгө үлгүргөн. Учкучтар учактын бир кыймылдаткычы күйүп кеткендиктен кыйроо болгонун айтышты.

Ейск шаарындагы бирдиктүү диспетчердик кызмат да учак кыйраган жердеги Коммунист көчөсүнүн 20/1 дарегиндеги көп кабаттуу үй өрттөнгөнүн тастыктады.

Күбөлөрдүн айтуусунда өрт үйдүн тогуз кабатын каптаган. Баштапкы маалыматтар боюнча 72 батир жабыркаган. Үйдүн тургундары коопсуз жакка эвакуацияланган.

Социалдык тармактарда учак кыйрагандан кийин жарылуунун үнү чыкканы, ушундан улам "Тез жардам" автоунаалары кырсык болгон жерге жакын бара албай жатканы тууралуу жазылды.

16:56 17.10.2022

"Озоди" радиосу Орусиянын Белгород шаарынын жанындагы полигондо, орус бийлиги маалымдагандай, ок ачып, кийин өзү атып өлтүрүлгөн тажик жаранынын биринин тек-жайын аныктады.

Ишембиде Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согушка барабыз деген ыктыярчылар даярдык көрүп жаткан маалда КМШнын эки жараны полигондо өздүк курамга ок атып, 11 киши каза тапканын, 15и жарадар болгонун билдирген жана окуяны "теракт" деп атаган. Кол салгандар жок кылынганы айтылган.

24-жаштагы Эхсон Аминзоданын (Эхсон Тожиддин) жакындары "Озодиге" айтып бергендей, ал Москвадагы ресторандардын биринде иштеген, Украинадагы согушка катышайын деген ниети болгон эмес.

Аны акыркы жолу 10-октябрда Москвадагы "Люблино" метросунун жанында көрүшкөн. 16-октябрда орус бийлиги Эхсондун каза болгонун кабарлашкан.

Маркумдун атасы, Хатлон облустук администрациясынын кызматкери Тожиддин радионун кабарчысы менен сүйлөшкөндө уулунун каза тапканын бышыктады. Бир тууган агасы ал Орусияга жети ай мурун барганын, орус жарандыгын албаганын айтып берди.

Фируз Аминзоданын айтымында, иниси Белгороддогу полигонго кантип барып калганын билбейт.

"Ал террорчу эмес, акча тапкысы келген жөнөкөй мигрант болчу", - деди ал.

Айрым булактар полигондогу чыр диний себептен улам чыкканын жазышууда.
Расмий Дүйшөмбү тажик жарандарынын Белгороддогу кол салууга тиешесин иликтеп жатат.

14:59 17.10.2022

Дүйшөмбү күнү эртең менен Украинанын Киев, Днепропетровск жана Одесса шаарлары кайрадан аткыланды. Президент Владимир Зеленский жан кечти дрондордон урулган соккулар украиндерди "сындыра албайт" деп билдирди.

Башкалаа Киевдин мэри Виталий Кличко дүрмөттөр тийген турак жайлардан 18 киши куткарылганын, урандылар астында дагы бир нече тургун калганын Телеграм каналына жазды.

Орусия шаарларды, инфраструктураны, электрстанцияларын бутага алуу үчүн жан кечти дрондорду барган сайын көбүрөөк колдонууга киришти.

Днепропетровск шаарында 17-октябрда энергетикалык жайга болгон аба соккусунан кийин өрт тутанды.

Одессанын бийлиги дүйшөмбүнүн таңында Кара деңизден Орусиянын согуш учактары инфраструктурага ракета атканын билдирди.

10-октябрдан бери Орусия Киев жана башка ири шаарларга утур-утур сокку уруп келатат. Ал күнү башкалаада 19 киши каза тапкан.

Ал ортодо Донбасста жана Херсон облусунда салгылашуулар уланууда. Украин бийлиги Соледар жана Бахмут шаарлары кармаштардын чордонунда болуп келатканын маалымдады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG