Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:09
Украинанын учкучсуз учак башкаруучу аскер кызматкери. Архив сүрөт.
Украинанын учкучсуз учак башкаруучу аскер кызматкери. Архив сүрөт.

Украинанын Орусияга каршы соккуларынан кеминде жети адам каза болгону кабарланды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:22 17.10.2022

Киев шаарынын бийлиги төрт жолу жарылуу болгонун ырастады. Алардын экөө шаардын борбордук бөлүгүндөгү Шевченко районунда болуп, дрондон урулган соккулардын бири көп кабаттуу үйгө тийген. Шардын айрым бөлүктөрүндө коопсуздуккка байланыштуу автоунаа жолдору жабылды. Темир жол каттамдары үзгүлтүксүз иштеп жатат деп билдирди шаардык мэрия. Жабыркагандар жана кыйроолор боюнча азырынча маалымат бериле элек.

Орусиянын дрон чабуулуна кабылган үйдүн көрүнүшү:

Өрт өчүрүү иштери уланууда.

18:47 15.10.2022

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден АКШнын коргонуу бюджетинен Украинанын коопсуздук жана коргонуу тармагына жардам берүү үчүн 725 миллион доллар бөлүүнү тапшырды.

Жаңы жардам пакетине аскердик техника жана ок-дарылар, анын ичинде HARM жогорку ылдамдыктагы радарга каршы ракеталары, HIMARS системалары үчүн кошумча жабдуулар, ок атуучу куралдар жана эки миллиондон ашык ок-дарылар кирет. Мындан тышкары, АКШ Украинага медициналык буюмдарды жөнөтүп, аскердик машыгууга көмөктөшөт.

18:47 15.10.2022

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов согуш башталган учурда эвакуация болгондор кайта барып, бул өлкөдөгү кыргызстандыктардын саны 140ка жеткенин жазды.

Анын Фейсбук баракчасына жазганына караганда, алар абал курчуган учурда кайрадан бул өлкөдөн чыгарууну өтүнүп жатат. Элчи кыргызстандыктарды өмүрүн тобокелге салуудан оолак болууга жана абал толук турукташканга чейин Украинага кайтпай турууга чакырууда.

18:46 15.10.2022

BBC: Орусиянын Украинадагы жоготуулары 7,5 миңден ашты

Би-Би-Синин орус кызматы менен Mediazona басылмасынын биргелешкен иликтөөсүнө ылайык, Орусиянын Украинага аскерий чабуулу башталгандан бери 7502 орус аскери жана офицери өлгөнү тастыкталган.

Согушта Орусия 21-сентябрь, мобилизация жарыялангандан бери кеминде 11 киши каза болуп, орус аскерлеринин элиталык бөлүктөрү чоң жоготууга учурап жатканы айтылууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG