Дүйшөмбүнүн кечинде Краснодар крайынын Ейск шаарындагы эл жашаган көп кабаттуу үйдүн жанына аскердик учак кулады.
Чоң өрт чыгып, каза болгондордун саны 13кө жетти, 25 адам жараат алышты. Дагы алты адам менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Аймакта чукул кырдаал киргизилди.
"Сота" Телеграм-каналы учак кыйроосунан улам, үйдөгү алты адам өлүп, 27 киши жараат алганын, жабыркагандардын арасында балдар да бар экенин жазды.
Украинанын "Энергоатом" ишканасы Запорожье атомдук-электр станциясынын дагы эки кызматкери - маалыматтык технологиялар кызматынын башчысы Олег Костюков жана станциянын башкы директорунун жардамчысы Олег Ошека уурдалганын билдирди. Алардын кайда экени белгисиз. "Энергоатом" аларды бошотууга жардам сурап, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке (МАГАТЭ) кайрылган.
1-октябрда орус аскерлери Запорожье АЭСинин башкы директору Игорь Мурашовду уурдап кетишип, МАГАТЭнин кийлигишүүсү менен 3-октябрда кайра бошотулган. Орусия бул атомдук станция оккупацияланган Запорожье облусунда болгону себептүү өзүнүн менчиги катары көрүп, ал "Росатомдун" алдындагы мекеме экенин айтып келет.
Шейшембинин таңында Украинада абадан сокку уруларын эскерткен сигналдар жаңырды. Днепр, Кривой Рог аймактарында абадан ракеталык чабуул жасалганы кабарланды. 18-ноябрга караган түнү Николаевге орус күчтөрү С-300 ракетасы менен аткылаган, каза болгондор бар.
Житомир шаарындагы энергетикалык обьектилерге сокку урулуп, калаа электр энергиясыз жана суусуз калганы белгилүү болду. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Сухомлин Фейсбукка жазды.
Орусиянын күчтөрү 17-октябрда Киевге жана Украинанын башка бир катар шаарларына жан кечти дрондору менен сокку урду. Анын кесепетинен энергетикалык объектилер жана турак үйлөр жабыркады. Куткаруучулар ураган имараттарда издөө-куткаруу иштерин улантууда. Кеминде төрт адам каза болгону, алардын бири кош бойлуу аял экени кабарланды. Бери дегенде 20 адам жараат алган.