ТИМ: Орусиядагы кыргызстандыктардан мобилизация боюнча расмий кайрылуу түшкөн жок
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жана башкы консулдуктарына, канцеляриясына кыргыз жарандарынан бул өлкөдөгү аскердик мобилизацияга байланыштуу расмий түрдө кайрылуулар түшкөн жок. Бул тууралуу 18-октябрда “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.
Анын айтымында, кеп-кеңеш сурап телефон чалгандар гана болду.
«Жарым-жартылай мобилизациялоо Орусия Федерациясынын жарандарына гана тиешелүү экени белгилей кетүү зарыл. Андыктан Кыргызстандын жарандары Орусияда эч кандай мобилизацияга тартылбашы жана бул өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө чакырылбашы керек», - деди ал.
10-октябрдан бери Орусиянын ракеталык соккуларынан Украинадагы электр станцияларынын 30% талкаланып, өлкөдө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.
Зеленский Твиттердеги баракчасына "Путиндин режими менен сүйлөшүүгө орун калган жок" деп жазды.
Бир жумадан бери орус аскерлери Украинанын энергетикалык объектилерине чабуул коюуда. Эң ири чабуул 10-октябрда болгон. Анда орус армиясы Украинанын ири шаарларына жана дээрлик бардык облустарынын борборлоруна кеминде жүздөн ашык ракеталык жана учкучсуз учактардан сокку урган.
Соккулар 8-октябрда Крым көпүрөсүндөгү жарылуудан кийин күчөгөн. Орусиянын президенти Владимир Путин бул жардырууну террордук акт деп атап, буга Украинаны айыптаган.
14-октябрда Путин "Украинанын аймагында азыр ракеталык сокку уруунун кажети жок" деп айтканы менен, жапырт ракеталык соккулар жана камикадзе-дрондордон чабуул уланууда.
17-октябрда Киев менен Москва туткундарын айырбаштап, жүздөн ашуун жарандарды бири-бирине өткөрүп беришти.
Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак биринчи жолу жалаң аялдар алмашылганын билдирди. Арасында 12 карапайым кыз-келин, 11 офицер, 85 сержант жана катардагы аскер бар.
Согуш туткундарын кармоо шарттарына байкоо жүргүзгөн координациялык кеңсе тараткан маалыматка караганда, бошотулган украиналыктардын эң улуусу 62, эң кенжеси 21 жашта.
Буга чейин 13-октябрда тараптар 20дан туткунду айырбаштаган. 11-октябрда украин куралдуу күчтөрүнүн 32 жоокери мекенине кайтып келген.
Ал арада орус армиясы шейшембиде Украинанын жер-жерине сокку урууну улантты. Кривой Рог, Николаев, Харьков, Днепр, Житомир жана башка шаарлар аткыланганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Президенттин администрация башчысынын орун басары Кирилл Тимошенконун айтымында, Днепр калаасынын энергетикалык инфраструктурасына ири зыян келтирилди.
Днепропетровск облусунун администрация жетекчиси Валентин Резниченко бул маалыматты бышыктап, айрым райондорду суу, электр менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураганын айтты.
Маалыматтарга караганда, орус аскерлери кыш жакындаган сайын Украинанын энергетикалык жайларын бутага алууда.
Дүйшөмбүнүн кечинде Краснодар крайынын Ейск шаарындагы эл жашаган көп кабаттуу үйдүн жанына аскердик учак кулады.
Чоң өрт чыгып, каза болгондордун саны 13кө жетти, 25 адам жараат алышты. Дагы алты адам менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Аймакта чукул кырдаал киргизилди.
"Сота" Телеграм-каналы учак кыйроосунан улам, үйдөгү алты адам өлүп, 27 киши жараат алганын, жабыркагандардын арасында балдар да бар экенин жазды.