Украина 20-октябрдан тарта Орусия басып алгандан бери биринчи жолу электр энергиясын керектөөгө чектөө киргизе баштайт.
Чектөөлөр өлкөнүн бардык аймагында болорун "Укрэнерго" компаниясы жана президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко билдирди.
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Киевге 20-октябрга белгиленген сапарын башка күнгө жылдырды. Бул тууралуу Bild немис басылмасы, DPA агенттиги жазды. Сапардын жылдырылышы "коопсуздук маселелерине" байланыштуу деп айтылат.
Bild басылмасынын маалыматына караганда, Тышкы иштер министрлиги жана Германиянын коопсуздук органдары сапарды токтото турууну сунуштаган. Чечим 18-октябрда кабыл алынган. Басылма Киев буга таң калганын жазды.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жашы жете элек уулдары Украинадагы кеңири масштабдагы согушка катышып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналына жазды. Кадыровдун кичүү уулу 14, улуусу 16 жашта.
Чечен лидери уулдары Ахмат, Эли жана Адам "украин улутчулдары менен айыгышкан салгылашуу жүрүп жаткан сызыкта" экенин бышыктаган видеону жарыялады.
АКШнын Юстиция министрлиги Орусиянын Красноярск аймагынын губернатору Александр Усстун уулу Артём Италияда "санкциялардан качкан жана арам акчаны адалдаган" деген айып менен камакка алынганын билдирди.
Бул айып Артём Усстан тышкары дагы төрт орусиялык жана эки венесуэлалык мунай сатуучуга коюлган.