Украинанын Херсон облусунун Орусия дайындаган бийликтери Херсон шаарынын тургундарына украин армиясы аткылашы мүмкүндүгүн эскертип, калаадан чыгып кетүүгө үндөгөн SMS билдирүү жөнөтүүдө.
Облустун оккупациялык администрациясынын башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов видеокайрылуу жасап, жакын арада Херсон үчүн салгылашуу баштала турганын айтты.
Орусиянын Краснодар крайындагы Ейск шаарында турак жайга аскердик учак кулаганда каза тапкандардын саны 15ке жетти. Курман болгондордун үчөө - балдар. Дагы 19 киши жараат алган, алардын төртөө реанимацияда жатат. Издөө-куткаруу иштери аяктады.
Ейск районунда 17-октябрдан 19-октябрга чейин аза күтүү жарыяланган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Казакстандагы элчиси Петр Врублевскийди кызматтан алды. Жарлык 18-октябрда президенттин кеңсесинин сайтында жарыяланды. Элчилик кызматка ким келери азырынча белгисиз.
Врублевский быйыл августта блогер Диас Кузаиров аттуу блогер менен маегинде Украинадагы согушту комментарийлеп: “Мүмкүн болушунча көп орустарды өлтүрүүгө аракеттенип жатабыз. Канчалык көп орусту жок кылсак, алар ошончолук азыраак балдарыбызды өлтүрүшөт”, - деген.
Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын Иран чыгарган учкучсуз учактарды колдонуп жатканы - өлкөнүн аскердик жана саясий жактан "банкрот" болгонунун белгиси деп эсептейт.
Ал Орусия көптөгөн жылдар бою аскердик-өнөр жай комплексине миллиарддаган доллар сарптаганын айтып, “акыры алар жөнөкөй учкучсуз учактарды жана ракеталарды алуу үчүн Тегеранга баш ийди”, - деди.