Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:41
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.

Киев баллистикалык ракета менен аткыланып, адам өмүрү кыйылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:15 21.10.2022

Украин аскерлери билдиргендей, Орусия жакында эле мобилизация аркылуу аскерге тартылган миңдеген адамды Херсонго жөнөттү.

"Мобилизацияланган эки миңдей адам орустар убактылуу басып алган Херсон облусуна жоготуулардын ордун толтуруп, бөлүктөрүн бекемдөө үчүн келди. Ошол эле маалда аймактын Москва дайындаган бийлиги «банк мекемелерин», орусиялык мугалимдерди жана дарыгерлерди эвакуацияга даярдоо буйругун берди", - деп жазылат украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 21-октябрда тараткан билдирүүдө.

14:14 21.10.2022

Кыргызстандын бери дегенде дагы эки банкы Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотту.

“Азия Банкы” жана “Кыргызстан Коммерциялык банкы” бир катар орусиялык банктар менен кызматташуусун токтоткону белгилүү болду. "Азия Банкынын" колл-борбору "Мир" карталарын тейлөө бир жумадай мурда токтотулганын билдирди.

14:14 21.10.2022

Украинадагы согуштан улам жана күн санап өсүп жаткан инфляциянын себебинен Кыргызстанда 143 миң адам, анын ичинде 70 миңден ашуун бала жакырчылыкка кептелди.

Бул тууралуу ЮНИСЕФтин "Украин согушунун Европа жана Борбор Азиядагы экономиканын төмөндөшүнө жана балдардын жакырчылыгына таасири" деген баяндамасында айтылат.

14:13 21.10.2022

Евробиримдик Орусияга учкучсуз учактарды бергени үчүн 20-октябрда Ирандык үч генералга жана курал өндүрүүчү Shahed Aviation Industries корпорациясына санкцияларды жарыялады.

Алар - Ирандын куралдуу күчтөрүнүн штабынын азыркы башчысы Мухаммед Хоссейн Багери, логистикага жооптуу Сайед Хожатолла Курейши жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Саид Агхаяни.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG