Орусиянын бийлиги Украинада сегиз айдан бери уланып жаткан согуштун фонунда “карым-катнашты кайрадан жакшыртуу” ыктымалдуулугу жөнүндө Киевге “дубай салам” жиберди. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Африкадагы мамлекет Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбало менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.
Сисоку Эмбало мунун алдында Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Зеленскийдин сөзүнө караганда, орус бийлиги "белгини" ошол аркылуу билдирген.
“Ал Орусия мамиледеги көпүрөлөрдү кайрадан калыбына келтирүүнү каалап жатканын айтты. Бирок Орусия менен сүйлөшүү башталышы үчүн алар жарандык инфратүзүмдөргө сокку уруусун токтотушу керек. Орусиянын экинчи маселеси - карым-катышты бөгөттөөнү ачуу. Келгиле, мурдагы карым-катышты, жок дегенде биздин Кара деңизде бөгөттөөнү токтотолу”.
Владимир Зеленский Днепрге сокку урулганы боюнча билдирүү жасады
"Биз эч качан кечирбейбиз. Жаза адилеттүү жана сөзсүз болот", - деп кош бойлуу аялдын өлүмү боюнча пикирин билдирип, фейсбукка жазды. Днепрдеги май куюучу жайга урулган ракеталык соккудан эки адам каза болуп, үчөө жараат алган.
26-октярбдын таңында Украинанын Никополь району аткыланганын Днепропетров облусунун губренатору Валентин Резничено билдирди. Жабыркагандар жок. Электр жабдыктары жабыркап, 600 үй жарыксыз калды. Украинанын энергетика тармагына орус тарап октябрдын башында жапырт сокку ура баштаган. Украин бийлигинин маалыматына караганда, өлкөнүн энергетика тармагынын 30% жабыркаган. Мисалы, Киевде маал-маалы жарык өчүрүүлөр башталды.
АКШ президенти Жо Байден Орусияга өзөктүк курал колдонуунун кесепети жаман болорун эскертти. Ал 25-октябрдагы сүйлөгөн сөзүндө бул Орусиянын "олуттуу катачылыгы" болуп каларын айтты.
"Мен азырынча сөз “жалган желек” операциясы жөнүндө болуп жатканына кепилдик бере албайм. Биз билбейбиз. Бирок бул өтө олуттуу ката болуп калат", -деди Байден журналисттерге.