Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.

Киев баллистикалык ракета менен аткыланып, адам өмүрү кыйылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:37 31.10.2022

Орусиянын президенти Владимир Путин дүйнө чоң окуялардын тарыхый чегинде турганын, алдыда Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң коркунучтуу жана маанилүү он жылдык күтүп жатканын эскертти. Бул тууралуу билдирүүсүн ал бейшемби күнү Орусияда өткөн эл аралык “Валдай” дискуссиялык клубундагы сессияда билдирди.

Мурдараак Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путиндин билдирүүсүн кийин адамдар “кайра-кайра окуй” турганын айткан эле.

Орус президенти өзүнүн кебин Батыш өлкөлөрүн сындоодон баштады. Ал айырмачылыктарды жоюп салуу Батыштын табияты болуп калганын айтты.

17:46 27.10.2022

БУУдагы Орусиянын ТИМинин өкүлү Константин Воронцов АКШнын жарандык жандоочторун согушта колдоно турган мыйзамдуу бута деп атады.

Сөз Илон Масктын украин армиясын интернет менен камсыз кылган Starlink спутниктери тууралуу болуп жатат

"Квазижарандык инфраструктура жооп иретинде соккунун мыйзамдуу бутасы болушу мүмкүн", – деп билдирди ТИМдин департаментинин жетекчисинин орун басары.

17:40 27.10.2022

Оккупация болгон Шахтерскидеги темир жол станциясындагы түнкү кырсыктын кесепети

Белгилүү болгондой күйүүчү май жүктөлгөн 12 цистерна күйүп кеткен. Алдын ала маалыматтарда өрттөн жабыр тарткандар жок.

16:45 27.10.2022

Израилдин президенти Ицхак Герцог АКШнын президенти Жо Байден менен Вашингтондогу шаршембидеги кездешүүсүндө Орусия Украинада колдонуп жаткан ирандык өндүрүштөгү сокку уруучу дрондор темасын талкуулады.

Герцогдун айтымында, Иран Москвага “Украинанын жайкын тургундарына өлүм алып келе турган” куралдарды жиберүүдө.

Израилдин президенти мунун алдында Вашингтондогу Атлантикалык кеңеште сөз сүйлөп жатып, Орусия пайдаланып жаткан дрондор Иранда өндүрүлгөнүн ырастаган фото кадрларды сунуштады.

Москва менен Тегеран Орусияга Ирандан учкучкуз учактар келип жатканы тууралуу маалыматтарды ырастабай келатат. Украиналык жана эл аралык адистердин жоон тобу орус тарап соңку апталарда колдонуп жаткан "Герань-2" дрону ирандык "Шахид-136" экенин, болгону анын сыртын жасалгалап коюшканын белгилеп жатышат. Ал дрондор Украинанын ири шаарларындагы жарандык объектилерге сокку урууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG