Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:08
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.

Киев баллистикалык ракета менен аткыланып, адам өмүрү кыйылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:41 31.10.2022

Чеченстан жумуриятынын лидери Рамзан Кадыров Украинанын Херсон облусунда 23 аскери набыт болгонун билдирип, маркумдардын жакындарын Меккеге ажылыкка жиберүүгө убада берди.

Кадыровдун айтымында, жума башында болгон окуяда 60тай жоокери жараат алган. Ошондой эле "чечендер жихадга катышып жатканын, ыйык согушта жан берүү чыныгы мусулман үчүн чоң сыймык" экенин да кошумчалады. Чечен лидери буга чейин Борбордук аскердик аймактын кол башчысы, генерал-полковник Александр Лапинди сынга алган.

15:39 31.10.2022

БУУнун өзөктүк агенттиги ушул аптада Украинада ыплас бомба жасалганы тууралуу Орусиянын айыптоолору боюнча "көз карандысыз текшерүү" жүргүзөрүн билдирди.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси 27-октябрда билдиргендей, МАГАТЭнин инспекторлору өз ишин Украинанын эки жеринде жүргүзөт. Анын айтуусунда текшерүү Украинанын жазуу жүзүндөгү кайрылуусунан кийин жүрүп жатат.

15:39 31.10.2022

Харьковдун Боровск районундагы Копанки айылына жакын аймактан адамдардын сөөгү жапырт көмүлгөн жер табылды. Жергиликтүү элдин сөзүнө караганда, аны орусиялык аскерлер чегинип бараткан кезде көөмп кетишкен. Бул тууралуу украин Улуттук полициясы маалымдады.

Көрүстөндө кеминде 17 адамдын сөөгү болушу мүмкүн. Копанкинин тургундардын айтуусунда орус аскерлери 13-апрелде эки жүк ташуучу автоунаа менен сөөктөрдү алып келген. Экскаватор менен казылган аңга сөөктөрдү ыргытып, үстүн танк менен тебелеп тегиздешкен.

15:38 31.10.2022

Американын инфраструктурасына, анын ичинде коммерциялык спутниктерине Орусиянын чабуулу тим калбайт. Бул тууралуу бейшембидеги брифингде АКШнын улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби билдирди. Бирок кандай жооп берилерин ачык айткан жок. Кирби ачык маалыматтарга караганда Орусия спутникке чабуул коюучу системаларды алууга аракеттенип жатканын кошумчалады.

Андан мурдараак Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Константин Воронцов Орусия Украинадагы согушта колдонулуп жаткан спутниктер тууралуу маалыматтар - мыйзамдуу бута катары каралып жатканын билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG