Орусия Украинанын буудай жана башка дан азыктарын Кара деңиздеги украин портторунан башка өлкөлөргө экспорттоо боюнча келишимден чыкканын 29-октябрда жарыялады. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен түзүлгөн бул келишимден чыгуу себебин орус бийлиги Кара деңиздеги аскердик флотуна караштуу кемелерине чабуул жасалганы менен түшүндүрүп жатат.
Орусиянын Коргоо министрлиги Крым жарым аралындагы Севастополь аймагында аскердик жана жарандык кемелери учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын айтып, муну Украина Улуу Британиянын адистери менен биргелешип ишке ашырган террордук акт деп атады.
Вашингтон Украинага кезектеги жардам көрсөтүүнүн алкагында 275 млн. долларлык аскердик техникаларды жана жабдууларды берди. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти менен Коргоо министрлиги 28-октябрда кабарлады.
Аскердик жардамдын бул жолку пакетинде HIMARS системалары үчүн ракеталар, танктардын миналарына каршы 2 миң снаряд, бир катар курал-жарак жана жабдуулар бар.
Орусия согушта колдонуп жаткан ирандык өндүрүштөгү "Шахид 136" сокку уруучу учкучсуз учактарын атып түшүрүү үчүн Израил Украинага чалгын маалыматтарын берди. Бул тууралуу The New York Times басылмасы атын атоодон баш тарткан украин аткаминерине таянуу менен кабарлады.
Булак өз сөзүндө Израилден алынган маалыматтар ирандык дрондорду бутага алып, мелжегенге пайдасын тийгизгенин кошумчалады. Израил да, Украина да бул кабарды расмий комментарийлешкен жок.
Чеченстан жумуриятынын лидери Рамзан Кадыров Украинанын Херсон облусунда 23 аскери набыт болгонун билдирип, маркумдардын жакындарын Меккеге ажылыкка жиберүүгө убада берди.
Кадыровдун айтымында, жума башында болгон окуяда 60тай жоокери жараат алган. Ошондой эле "чечендер жихадга катышып жатканын, ыйык согушта жан берүү чыныгы мусулман үчүн чоң сыймык" экенин да кошумчалады. Чечен лидери буга чейин Борбордук аскердик аймактын кол башчысы, генерал-полковник Александр Лапинди сынга алган.