400 миллион долларлык жаңы аскердик жардамдын алкагында Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Украинага 1100 Phoenix Ghost камикадзе учкучсуз учактарын, 250 зооттолгон автоунаа жана танктарды берет.
Куралдардын көбү Украина үчүн атайын чыгарылат. Ушундан улам аны жеткирүү 2023-жылы аяктай турганы айтылды.
Украина менен согушта орус армиясына мобилизацияланган кеминде 115 жаран каза болду. Бул сандар Mediazona жана Би-Би-Синин орус кызматынын жаңыланган эсебинде көрсөтүлдү. Журналисттер согушта көз жумгандардын жалпысынан 8294үнүн тек жайы белгилүү болгонун ырасташууда
Украинадагы согушка Орусиядан 318 миң адам тартылган, алардын 49 миңи согуш жүрүп жаткан аймактарда, калгандары машыгуудан өтүүдө. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянтта ыктыярчылар менен сүйлөшкөн маалда билдирди. Буга чейин коргоо министри Сергей Шойгу 87 миң адам мобилизацияланганын айткан.
Украинада электр тармагындагы чыңалуудан улам 4-ноябрдын таңында Киевде 450 миң батир жарыксыз калды. Бул тууралуу шаардын мэри Виталий Кличко билдирди.
Абал оор экенин айткан Кличко шаардыктарды электр энергиясын мүмкүн болушунча үнөмдөөгө чакырып, калк үчүн миң жылытуу пункту ачылганын белгиледи.