Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:33

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:28 8.11.2022

Украинанын өкмөтү бизнесмендер Игорь Коломойский, Вячеслав Богуслаев, Константин Жеваго жана Константин Григоришинге байланыштуу стратегиялык ишканаларды мамлекетке өткөрдү. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов кабарлады.

Мында учактар жана тик учактар үчүн моторлорду чыгарган "Мотор Сич" заводу жана "Укрнафта" мунай өндүрүүчү компаниялары жөнүндө кеп болуп жатат.

14:28 8.11.2022

Польшанын бийлиги Орусиянын Калининград облусу жана Беларус менен чектешкен жерине АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери жана тик учактары үчүн база куруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Польшанын WNP.pl басылмасы кабарлады.

Өлкөнүн вице-премьери жана коргоо министри Мариуш Блащак атайын брифингде кабарлагандай, мында Apache тик учактары менен жабдылган америкалык күжүрмөн авиациялык бригада жайгашат.

14:27 8.11.2022

Украин президенти Владимир Зеленский бүткүл украиналыктарды Орусиянын жаңы чабуулдарына даяр болууга чакырды. Бул тууралуу ал соңку видео кайрылуусунда айтып, Украина энергетикалык инфратүзүмдөргө урулган соккуларга жооп берерин кошумчалады.

14:27 8.11.2022

АКШ президентинин администрациясы Украинанын бийлигин Орусия менен сүйлөшүүгө ачык экенин көрсөтүүгө чакырып жатат. Бул тууралуу The Washington Post гезити Ак үйдөгү өз булактарына таянып жазды.

Гезит аты аталбаган булактарга шилтеме жасап, америкалык аткаминерлердин өтүнүчү Украинаны сүйлөшүүгө түртүү эмес, Киевдин башка мамлекеттердин колдоосуна ээ болушун камсыз кылуу үчүн жасалган аракет экенин жазган.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG