Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.

Киев баллистикалык ракета менен аткыланып, адам өмүрү кыйылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:45 9.11.2022

Орусиянын Ички иштер министрлиги Republic басылмасынын башкы редактору Дмитрий Колезевге федералдык издөө жарыялады. Mediazona кабарлагандай, журналистке кылмыш иши козголгон, бирок кандай берене экени белгисиз.

Колезев өзү да иштин чоо-жайына түшүнбөй турганын Телеграм-каналына жазды. Анын белгилешинче, орус куралдуу күчтөрүндөгү "фейктер" же орус куралдуу күчтөрүн "дискредитациялоого" байланыштуу пикирлери үчүн болушу мүмкүн.

16:43 9.11.2022

2014-жылы аннексиялап алган Крымдагы жана Севастополдогу университеттерде окуган өзбек студенттерге окуусун Өзбекстанга которууга уруксат берилди.

Расмий кабарга ылайык, президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен жогорку окуу жайларга кабыл алуу жараянын координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия тийиштүү чечимди кабыл алды.

16:43 9.11.2022

9-ноябрга караган түнү орус аскерлери Украинанын Днепропетровск облусуна жанкечти дрондор менен чабуул койгонун облустук аскер башкармалыгынын жетекчиси Валентин Резниченко шаршемби күнү эртең менен билдирди.

Ал "орус оккупанттары аймакка жапырт кол салганын", Украинанын абадан коргонуу күчтөрү соккуларга каршы турганын билдирди. Орус тарап Днепр шаарындагы логистикалык ишкананы да бутага алганда төрт кызматкер жарадар болуп, үчөө оор абалда ооруканага жеткирилди.

16:42 9.11.2022

Украин президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда Владимир Зеленский Линда Томас-Гринфилдден Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) "токтоосуз кадамдарды" жасашы зарылдыгын өтүндү.

Анын ичинде Ирандан Орусияга жиберилип жаткан учкучсуз ракеталарды иликтөөчү эксперттерди, Украинанын талкаланган энергетикасын баалоочу өкүлдөрдү токтоосуз жөнөтүү, украин энергетикасын калыбына келтирүүгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгүн колдонуу талаптары бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG