Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:52

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:35 15.11.2022

Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери Херсондон чегингени тууралуу жарыялагандан кийин бир сутка ичинде кеминде жети көпүрө талкаланды, алардын төртөө Днепрди кесип өткөн. Бул тууралуу CNN телеканалы Maxar компаниясынын спутниктен алынган сүрөттөрүнө таянуу менен билдирди.

Сүрөттө Кахов ГЭСинин дамбасы жабыркап, үч шлюздан суу агып жатканын көрүүгө болот. Украинанын жергиликтүү Телеграм каналдары 11-ноябрга караган түнү Кахов ГЭСинин жанында жарылуунун үнү угулганын кабарлашты. Мындан сырткары CNN Херсонго жакын жерде Днепр аркылуу өткөн Антонов көпүрөсү жана ага жакын жайгашкан темир жол көпүрөсү, Кахов ГЭСинин плотинасынын үстүндөгү автомобиль жана темир жол талкаланганын жазды.

15:35 15.11.2022

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 200 америкалыктын өлкөгө киришине тыюу салды. Арасында АКШ президенти Жо Байдендин жакындары дагы бар. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Орусияга кирүүгө тыюу салынгандардын катарында генералдар, Украинанын Коргоо министрлигинин америкалык кеңешчилери, АКШнын юстиция министринин орун басары, коргонуу ишканаларынын жетекчилери, Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер бар. Мындан сырткары 200 кишинин катарына АКШ президентинин бир туугандары Жеймс, Френсис жана Валери Байден кирген.

15:34 15.11.2022

Орус аскерлеринен бошотулаган Херсон облусунун Бериславский районунда карапайым адамдардын сөөгү табылганын Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар конушту басып алуу учурунда каза болгон үч жергиликтүү тургунга тиешелүү. Сөөктөрдү укук коргоо кызматкерлери шаар тибиндеги конуштагы жер төлөлөрдүн биринен табышкан, аты-жөнү тактала элек.

12:30 10.11.2022

Еврокомиссия 9-ноябрда Украинага 2023-жылга чейин 18 миллиард евролук экономикалык колдоо пакетинин чоо-жайын жарыялады. Комиссия жардам Евробиримдикке мүчө мамлекеттер тарабынан бекитилет деп үмүттөнүүдө.
Планга ылайык, Киевге ай сайын 1,5 миллиард еврону 35 жылдык мөөнөткө насыя түрүндө берет. Үстөгүн Евробиримдик төлөйт.

Бул Орусиянын баскынчылыгына каршы Украинанын өкмөтүн колдоо үчүн берилмекчи.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG