Орусиянын президенти Владимир Путин өзүн "элдик республика" деп атап алган Донецк жана Луганск аймактарынан Украина менен согушка мобилизацияланган студенттерди аскерден бошотуу тууралуу буйрук берди. Бул тууралуу жекшембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бирок эч кандай расмий документ жарыяланган эмес.
Песковдун айтымында, бул аймактардагы элдик кошуундун күчтөрү азыр Орусиянын куралдуу күчтөрүнө бириктирилген, анда студенттер аскерге чакырылбайт.
АКШнын каржы министри Жанет Йеллен Орусияга салынган санкциялардын айрымдары согуштан кийин да кала берерин билдирди. Бул тууралуу ал The Wall Street Journal гезитине курган маегинде сөз кылган.
Йеллендин айтымында, эгер тынчтык келишими түзүлө турган болсо АКШ жана өнөктөштөрү Орусияга карата санкцияларды карап көрөт. "Болуп өткөн окуяларды эске алып, айрым санкциялар күчүндө калышы мүмкүн" деди ал.
АКШ, Жапония жана Түштүк Кореянын лидерлери Түндүк Кореянын коркунуч жараткан өзөктүк жана баллистикалык ракеталык программаларына бирдиктүү жооп кайтарууга убада беришти.
Камбожада өткөн Чыгыш Азия саммитинде АКШ президенти Жо Байден Түндүк Корея чагымчыл аракеттерин күчөтүп жаткан чакта үч тараптуу өнөктөштүк "мурдагыдан да маанилүү" болуп турганын белгиледи.
Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын президенти Ибрагим Раиси менен телефон аркылуу сүйлөштү. Орусия Иран менен мындан ары да саясий жана соода-экономикалык багыттарда, анын ичинде транспорттук жана логистикалык тармактагы кызматташуусун илгерилете берерин айтты. Кремль тараткан билдирүүдө эки өлкө лидерлеринин сүйлөшүүсү качан болгону так жазылган эмес.
Буга чейин АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүн ирандык дрондор менен аткылаганы үчүн кескин айыптаган.