Латвиянын Билим берүү жана илим министрлиги 2026-2027-окуу жылынан баштап мектептерде орус тилин экинчи чет тили катары окутууну жокко чыгарууну пландоодо. Бул тууралуу Delfi басылмасы жазды.
Министрликтин сунушуна ылайык, экинчи чет тили катары Европа биримдигиндеги тилдердин бирин же билим берүү тармагындагы өкмөттөр аралык келишимдерде көрсөтүлгөн чет тилин тандоо мүмкүн болот.
Украин армиясы акыркы эки айда бошоткон Харьков, Донецк жана Херсон облустарынын аймактарынан 700дөн ашуун адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Украинанын башкы прокурору Андрей Костин билдирди.
"Алардын дээрлик 90 пайызы украиналыктар. Алар мыйзамсыз кармалып, кыйноого алынган 20дан ашык жер аныкталды",- деди ал.
НАТО бардык мүчөлөрүн Орусиянын азыркы режимин террордук деп таанууга чакырды. Бул тууралуу 21-ноябрда НАТОнун Парламенттик ассамблеясы бир добуштан кабыл алган резолюцияда айтылат.
Документте ошондой эле Орусиянын агрессиясы боюнча атайын Эл аралык трибунал түзүү зарыл экени белгиленген.
Польшанын коргоо министри Мариуш Блащак Украина менен чектеш аймакка Германия бергени жаткан абадан коргонуучу Patriot системасы орнотуларын билдирди. Ал Твиттердеги баракчасына немис кесиптеши Кристина Ламбрехттин мындай сунушун кабыл алганын жазды. Германия өз кезегинде бул маалыматты ырастады.