Орусия менен Украинанын өкүлдөрү Бириккен Араб эмираттарында жолугуп, туткундарды айырбаштоо жана аммиак экспортун талкуулашты. Бул тууралуу Reuters агенттиги ысымын атабаган булагына таянып жазды. Маалыматка караганда эки тараптын өкүлдөрү Араб Эмираттарында 17-ноябрда Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн ортомчулугу менен жолугушкан. Сүйлөшүүдө кандай жыйынтыкка жетишилгени беймаалым.
Украинанын Түркиядагы элчиси Василий Бондардын айтымында, туткундарды айырбаштоо орус аммиагын экспорттоого жол ачуу шартынын бир бөлүгү.
Украинанын бир катар шаарларында, анын ичинде баш калаа Киевде суу жана жарык берүү калыбына келтирилди. 23-ноябрдагы орус армиясынын аба соккуларынан 2,8 миллион калкы бар борбор шаардын 70% жарыксыз, көп бөлүгү суусуз калган.
"Адистер түнү бою иштешти", -деп жазды Телеграмга Киевдин мэри Виталий Кличко.
Полтава облусунда 15,5 миң адам жарыксыз калган. Ал жакта да жарык берүү калыбына келтирилгени кабарланды.
Украинадагы үзгүлтүксүз аткылоонун натыйжасында үч адамдын, анын ичинде жаңы төрөлгөн наристенин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу украин президентинин аппаратынан 23-ноябрда кабарлашты.
Расмий маалыматка ылайык, түндө орус армиясы Запорожье облусунун Вольнянск шаарындагы оорукананын төрөт бөлүмүнө С-300 ракетасы менен сокку урган. Чарчап калган ымыркайдын төрөлгөнүнө эки күн болгон, анын апасы аман калган.
Европа парламентиндеги бардык фракциялардын депутаттары “Вагнер” менчик аскердик компаниясын террордук уюмдардын тизмесине кошууну сунуштады. Politico басылмасы кабарлагандай, анда депутаттар Европа Кеңешинин башчысы Шарль Мишелге жана Чехиянын өкмөт башчысы Петр Фиалага (Чехия июлдан тартып Еврошаркеттин кеңешинин төрагалыгын аркалап жатат ) кат жолдоду.