Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын жакын арада жасачу чабуулдарына болжол жасап, алар энергетикалык объектилерине дагы сокку урарын эскертти. Бул тууралуу ал соңку видео кайрылуусунда билдирди.
“Биз террорчулар дагы жаңы соккуларга даярданып жатканын түшүнүп турабыз. Биз муну жакшы билебиз. Тилекке каршы, алар ракеталары түгөнгөнгө чейин тынчышпайт. Бирок биз бири-бирибизге, өзгөчө кары-картаңдарда, балалуу үй-бүлөлөргө, үй-жайсыз калгандарга кам көрөбүз жана жардамдашабыз. Биз ошол нерсебиз менен террорго каршы турабыз”.
Латвияда аскер адамдарын ташып бараткан автобус менен жүк ташуучу автоунаа кагышып, украиналык 25 жоокер жана бир эстон жоокери ооруканага түштү. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги эстониялык ERR телеканалына таянуу менен жазды.
Маалыматта айтылгандай, эстон армиясы жалдаган атайын автобус Таллиндден Ригага бараткан жана 26-ноябрда кырсыкка кабылган. Анда украиналык жоокерлер эмне үчүн Латвияга барышканы ачык айтылган эмес.
Эстониянын коргоо министри Ханно Певкур Орусия Украинада тогуз айдан бери согуш жүргүзүп жатканына карабастан аскердик кубаты алсыраган жок деп эсептейт. Мындай пикирин ал Германиядагы иш сапары учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
«Биз чын жана так болушубуз керек: Орусиянын аскердик деңиз флоту жана аскердик аба күчтөрү согушка чейин кандай кубаттуу болсо, азыр да дээрлик ошондой эле. Орусия жараткан коркунуч же НАТОго карата коркунуч кандайдыр бир деңгээлде азайды деп айтканга негиз жок», - деди ал.
Орусиянын Юстиция министрлиги эстрадалык "Машина времени" тобунун башчысы Андрей Макаревичти маалымат каражаттарына берген комментарийлери үчүн "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизди. Бул тууралуу музыканттын адвокаты Александр Передрук РБК агенттигине маалымады.
"Чет жактан каржылоо болгону аныкталган жок. Бирок ал чет өлкөлүк журналисттерге маек курганы үчүн муну чет жактын таасири деп таанышты. Алар ырчыга пикирин айтуу үчүн шарт түзүп беришкен имиш", - деди адвокат.