Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.

Киев баллистикалык ракета менен аткыланып, адам өмүрү кыйылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




20:30 30.11.2022

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын катышуусунда “газ үчилтигин” түзүү идеясы президент Владимир Путинге таандык экенин ырастап, ага түшүндүрмө берди.

Песковдун айтымында, үч өлкөнүн ортосунда көгүлтүр отунду ташууга багытталган уюм түзүү демилгеси ишти “шайкеш келтирүү” зарылчылыгынан улам чыкты. Путиндин сунушу биринчи этапта жөн гана “координациялык механизм түзүүнү” караштырат.

20:29 30.11.2022

НАТОго мүчө өлкөлөр Украинага экономикалык жана аскердик жардамын көбөйтөт. Бул тууралуу аскердик бирикменин баш катчысы Йенс Столтенберг түндүкатлантикалык уюмга кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Бухаресттеги жолугушуусунда билдирди.

Столтенберг НАТОнун мүчөлөрү Киевге керектүү курал-жарактарды, ага тетиктерди жана ок-дарыларды да жеткирүүсүн күчөтөрүн белгиледи. Баш катчы ошондой эле Украинага күйүүчү май, дары-дармек жана кышта керектелүүчү жабдыктарды да берерин тактады.

20:29 30.11.2022

АКШнын Мамлекеттик департаменти Финляндияга ракеталарды жана авиациялык бомбаларды сатууну, ошондой эле 323,3 миллион долларлык окутуу боюнча кызмат көрсөтүү чечимин жактырды.

Сметага ылайык, Финляндия АКШдан 40 тактикалык ракеталарды жана аны башкаруучу 4 блок, 48 авиациялык бомбаларды, түрдүү машыктыруучу жабдууларды жана башка нерселерди сатып алат. Чечимди эми Конгресс жактырышы керек.

20:28 30.11.2022

Орусия өзөктүк куралдарды текшерүү боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдү “бир тараптуу түрдө артка” жылдырды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнө таянуу менен Reuters агенттиги жазып чыкты.

Эки тараптуу консультативдик комиссиянын жолугушуусу Египеттин борбору Каирде 29-ноябрда болмок.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG