Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:54

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




21:49 3.12.2022

Херсондон элди эвакуация кылып жатат

Украин бийлиги Днепрдин сол жээгиндеги элди жана бул райондон чыгууга үлгүрбөй калгандарды эвакуация кылып жатканын билдирди. Буга чейинки дарыядан сүзүп өтүүгө кирген чектөө алынды. Облустук адиминистрациянын маалымдашынча бул багытта кармаштар болушу мүмкүн, андыктан жай тургундарга аймактан чыгып кетүү сунушталды.

20:31 30.11.2022

Латвиянын тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич Украинага Орусиянын аймагындагы буталарды аткылоого уруксат берүүгө чакырды. Бул тууралуу пикирин ал НАТОго мүчө мамлекеттердин министрлеринин Бухаресттеги жыйынында айтты.

Bloomberg басылмасы келтиргендей, министр "уюмдагы өлкөлөр жаңжалдын курчуп кетишинен коркпошу керек" деди.

“Биз украиндерге ракеталык куралдарын жана аэродромдорун ушул максат үчүн колдонуусуна уруксат беришибиз керек”, – деди Ринкевич кесиптештери менен кездешүүдө.

20:30 30.11.2022

Орусиянын Украина менен чектешкен Брянск облусунун Сураж районунда мунай заттарды сактаган кампа өрттөндү. Бул тууралуу аймактын губернатору Александр Богомаз 30-ноябрда кабарлады.

Облус жетекчиси кырсыктын себептерин тактаган жок. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчү кызмат иштеп жатат. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

20:30 30.11.2022

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын катышуусунда “газ үчилтигин” түзүү идеясы президент Владимир Путинге таандык экенин ырастап, ага түшүндүрмө берди.

Песковдун айтымында, үч өлкөнүн ортосунда көгүлтүр отунду ташууга багытталган уюм түзүү демилгеси ишти “шайкеш келтирүү” зарылчылыгынан улам чыкты. Путиндин сунушу биринчи этапта жөн гана “координациялык механизм түзүүнү” караштырат.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG