Литва Украинага эки артиллериялык жабдуу берди
Украина Литвадан оңдоп-түзөөдөн өткөн Panzerhaubitze 2000 артиллериялык жабдыгынан экини алат. Бул тууралуу литвалык коргоо министри Арвидас Анушаускас билдирди.
Британ министри Путиндин тынчтыкты сүйөрүнө ишенбейт
Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли Украина жана анын батыштык союздаштары Кремлден ар кандай тынчтык сунуштары түшсө сак болуу керек деп эсептейт.
Telegraph гезите курган маегинде Клеверли Москва жарашуу сунушун кошумча күч топтоп алуу үчүн сунушташы мүмкүн деп эсептейт.
"Биз абдан, абдан сак болушубуз керек, Мен "тынчтык" деген сөздү атайын тырмакчага алып айтып жатам, "тынчтык" Владимир Путиндин демилгеси", - деди Жеймс Клеверли.
Буга чейин АКШ президенти Жо Байден эгер согушту токтотуу ниетин билдирсе, Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Байдендин пикиринде азырынча эч кандай белги жок. Украина жана Батыш тынчтык сүйлөшүүсү болушу үчүн орусиялык армия басып алган украиналык аймактардан чыгып кетиши керек деп эсептешет. Москва бул сунушту кабыл алынгыс деп атаган. Германиянын канцлери Олаф Шольц өткөн жума күнү Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Ал орусиялык президентти дипломатиялык чечим издөөгө чакырып, Украинанын аймактарынан орус армиясын чыгаруу керектигин белгилеген.
Орусия мунай санкциясын "көмүскө флот" аркылуу алып өткүсү келет
Орусия мунайды санкция шартында сатуу үчүн "көмүскө флотту" түзүп жатат. Бул тууралуу Financial Times жазды.
Аналитиктердин пикиринде, санкциялар шартында Орусияга көбүрөөк танкерлер керек. Анткени буга чейин Европага сатылган мунай эми Азиядагы жаңы сатуучуларга жөнөтүлөт жана буга жараша рейстер да узарат. Трейдерлер "көмүскө флотту" түзүү санкциялар таасирин азайтканы менен аны жокко чыгара албайт деп эсептешет.
АКШ: орусиялык мунай баасын чектөө - "Путинге сокку"
АКШнын финансы министри Жанет Йеллен ЕБ өлкөлөрүнүн жана "Чоң жетинин" орус мунайынын бир баррелин баасын 60 доллардан ашырбоо Кремлге сокку урат жана аны Украинага каршы агрессивдүү согуштан киреше табууга жол бербейт" деп эсептейт. Йеллендин айтымында, чектөө орусиялык режимдин негизги киреше булагын кыскартат.
Евробиримдик бул чечимди Польша колдогондон кийин бекиткен. Польша ага чейин сунушталган 65 долларлык баага макул болбой, бул Москвага карата "берешендик" болорун билдирген.
Варшава жана Балтия өлкөлөрү орусиялык мунайдын баррелин 30 доллардан ашырбоо талабын коюшкан. Ушундай эле ойду ЕБга кирбеген Украина да карманган.
Макулдашылган 60 долларлык баа кийинки жумадан тарта иштей баштайт. Индия азыртадан эле орусиялык мунайды батыштын жаңы чектөөлөрү күчүнө киргенден кийин гана сатып аларын билдирди.