Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:26

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




23:18 3.12.2022

  • Михаил Подоляк: согуш башталгандан бери 13 миң украиналык аскер кызматкери каза болду;
  • Херсон кайрадан аткылоого кабылып, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады;
  • Украинанын аскер күчтөрү Орусия Запорожьедеги калктуу пункттардан айрым бөлүктөрүн алып кетип жатканын ырастады;
  • Европадагы Украина элчиликтери канга боелгон жана жаныбарлардын көзү салынган баштыктарды алууда;
  • Киев-Печердук лаврынын дин кызматкери "орусиялык ыры" үчүн жоопко тартылды.

22:57 3.12.2022

Кременная-Сватово багытындагы кармаштар

Украиналык аскерлер Луганск облусундагы багытта жай жылууда. Муну украиналык да, орусиялык да булактар билдирүүдө.

Орусиялык аскердик блогдордо украиналык аскерлер орусиялык күчтөр Харьковдон чегингенден кийин таяныч пункттарына айланткан Кременая жана Сватово шаарларын бириктирген трассадагы Чернопавловка аймагына карай чыкканы тууралуу маалымат пайда болду.

Украинанын Башкы штабы Чернопавловкада орусиялык чабуулдардын мизи кайтканын билдирди.

Луганск администрациясынын башчысы Сергей Гайдай Сватово-Кременная фронтундагы участокто украиналык күчтөр жоону "жай, бирок ишенимдүү тебелеп" баратканын билдирди. "Уруш ар бир жүз метр сайын болуп жатат, алдыга карай секириктер бар деп айтууга болбойт". Аймакта орусиялык күчтөр коргонуучу позицияга өтүп, миңдеген согушкерди соттолгондорго кошуп алып барган.

Аяздын түшүшү менен жер тоңуп жатканы жана бул аскерлерге аракет жасоого жеңилдик берери кабарланды. Буга чейин күзгү жамгырдан улам баткак болгондуктан кыймылга тоскоолдук жаралган.

22:43 3.12.2022

Бахмуттун кварталдары

Украиналык агенттик UNIAN Бахмут шаарынын бузулган кварталдарынын аэросъемкасын жарыялады. Акыркы айларда орусиялык армия шаарга чабуул коюп жатат.

22:38 3.12.2022

Орусия оккупацияланган Мариполдо аскердик база курду

Мариполдун борборунда аскердик база пайда болду. Бул тууралуу Би-Би-Си космостук жана аэрофотосъемка менен алектенген Maxar компаниясынын спутниктен тартылган сүрөттөрүнө таянып билдирди. Имараттын чатырында орус армиясынын логотиби жана "Орусиянын армиясы Мариполдун жашоочулары үчүн" деген жазууну көрүүгө болот.

Шаар орусиялык армияга ушул жайдагы үч айга созулган айыгышкан кармаштан кийин өткөн. Уруштун жүрүшүндө жарандык объектилер артиллериялык жана ракета-бомбалык чабуулга кабылган. Курмандыктардын так саны белгисиз. Украина 25 миңдей жай тургун өлгөнүн кабарласа, БУУ 1348 адамдын өлгөнүн расмий каттаган, уюм бирок курмандыктардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин билдирген.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG