Бахмут районунда орусиялык күчтөр улам чабуулга өтүп жатканын Украин күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.
Дуганск облусунун чыгыш чек арасында да кармаш болуп жатканы кабарланды. Харьковдон кийин орус аскерлери ушул жакка чегинген.
Британиянын Коргоо министрлиги күн сайын сводкасында Орусия Сватоводон түндүккө карай орусиялык чек арага чейин жылып 60 чакырымдык транш системасына даярданып бүткөнүн жазды. Биринчи гвардиялык танк армиясы ушул шаардын районуна ташталып, оор жоготууга учураганын, кайрадан толукталганын билдирди.
Орусиялык Телеграм-каналдар Кременной районунда кармаш жүрүп атканын, эки тарап тең чабуулга өтүүгө аракет кылып жатканын жазышууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия баштаган согуш 2023-жылы аяктайт деп үмүттөнүп жатканын айтты. Бул тууралуу пикирин ал өзүн Европадагы эң таасирдүү адам деп тааныган америкалык Politico басылмасына кайрылууда билдирди.
“Мен келерки жылы украиналыктар таасирлүү болот деп үмүттөнөм. Бирок тынчтык убакта”, – деди Зеленский.
Ал ошондой эле “миллиондогон украиндерге бул оор мезгилден өтүүгө жардам берип жатканы үчүн Украинанын Европадагы бардык досторуна” ыраазычылык айтты.
Мунун алдында, шаршемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин өзү “атайын аскердик операция” деп атаган Украинадагы согуш “узак процесс” болуп калышы мүмкүндүгүн белгилеген. “Маанилүү жыйынтык катары” Орусия Украинанын бир катар аймактарын аннексиялаганын атады. Муну дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү тааныган эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленский журналисттер европалык континенттин жүзүн аныктаган POLITICO 28 жылдык рейтингинин башына чыкты. Анын алдында Зеленский Time журналынын версиясы боюнча да жыл адамы деп аталган.
АКШ жана анын өнөктөштөрү Украинага орусиялык агрессиядан коргонуусуна колунан келген жардамын берүүгө дайым даяр, бирок Орусиянын аймагына сокку урулушун колдобойт. Бул тууралуу 6-декабрда Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.
Блинкендин мындай билдирүүсү Орусиянын авиабазаларына учкучсуз учактар менен жасалган чабуулдар үчүн расмий Киевди айыптаган маалыматтар чыга баштаганда жарыяланды.
«Биз украиналыктарга Орусиянын аймагына сокку урууга мүмкүнчүлүк түзүп же дем бергидей болгон жокпуз. Бирок орусиялык агрессиянын айынан украиналыктар күн сайын эмне деген абалда калып жатканын да түшүнүү керек», — деген Блинкен Орусия Украинанын жарандык инфраструктурасын талкалоо үчүн кыш мезгилин курал катары колдоно баштаганын айтып айыптады.
Андан мурдараак АКШ президенти Жо Байден Вашингтон Украинага алыскы аралыкка жете алчу ракеталык комплекстерди сунуштабай турганын, себеби кармаштын ырбап кетишине жол бербөө маанилүү экенин айткан.
Орусиянын Курск облусундагы аэродромго 6-декабрда учкучсуз аппараттан сокку урулуп, мунай сактоочу резервуар күйүп кетти. 5-декабрда реактивдүү кыймылдаткычы бар эки учкучсуз аппарат Саратов жана Рязань облустарындагы стратегиялык аэродромдорго чабуул койгон. Орус тарап муну Украинадан көргөн. Киев расмий комментарий бере элек.
Орусиянын армиясы 6-декабрда Херсон, Кривой Рог жана Краматорскинин инфраструктурасына сокку урду, жарадарлар бар, бир адам каза тапты.
6-декабрда Орусиянын Курск жана Брянск облустарындагы аэродром жана май сактаган кампага БПЛА менен сокку урулду.
Украинанын Башкы штабы авиациянын жардамы менен Донбасста эки багытта чабуул жасап атканын билдирди. Бахмут тынымсыз аткылоого кабылып, орусиялык армия шаарды курчоого алууга аракет кылып жатат.
Орусия жана Украина 6-декабрда туткундарды 60/60 форматында алмашты.
Германия Украина Patriot системасын берүүдөн баш тартты.