НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинадагы аскердик аракеттер Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка айланып кетиши мүмкүн деген чочулоосун билдирди.
"Украинада тириукмуш согуш болуп атат. Бул толук масштабдуу согушка айланып, НАТО менен Орусиянын урушуна өсүп кетиши мүмкүн. Биз мындан качуу үчүн күн сайын иштеп жатабыз", - деди ал норвегиялык NRK телекомпаниясына.
Столтенберг "согуш болушу мүмкүн экенинен күмөн санабасын" билдирип, Европанын башка өлкөлөрүн тарткан чыр-чатактан качуу маанилүү экенин кошумчалады.
- Акыркы маалыматтарда орусиялык аскерлер чыгыш фронтунун басымдуу бөлүгүндө чабуулга өтүп жатат
- Орусиялык оппозиция өкүлү Илья Яшин Буча тууралуу стрими үчүн "Фейктер тууралуу" беренеси менен күнөөлүү деп табылды
- АКШда Украинага аскердик жардамдын жаңы пакети даярдалууда
- Украинанын "Энергоатому" Орусияны Запорожье АЭСнин кызматкерлерине кол көтөргөнү үчүн айыптады
АКШ Украинанын абадан коргонуу жааты үчүн аскердик жардамдын жаңы пакетин даярдап жатат
Документтин долбоорлору колуна тийген Рейтер агенттиги жардамдын жалпы көлөмү 275 миллион доллар экенин кабарлады. Пакетке дрон жана башка абадан коргонуу системалары кирет. Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү жардамдын жаңы пакети тууралуу айтуудан баш тартты. Украинага HIMARS системалары үчүн ракеталарын жана башка курал-жарактарды, Humvee автомашиналарын жана генераторлорду берүү да күтүлүүдө.
Орусиянын армиясы соңку суткада Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы согуштук фронттун дээрлик бардык линиясында удаа соккуларды жасады.
Ошол эле маалда Херсон облусунун чек арасындагы айылдарга да авиациялык жана артиллериялык чабуулдар болду. Соңку суткада реактивдүү артиллериялык куралдардан жалпы жонунан 50дөн ашык аткылоо болду. Бул соккулардан бир нече адам өлүп, ондогон киши жараат алганы маалымдалды.
Украин күчтөрү Луганск облусундагы Белогорский районунда жана Донецк облусундагы Клищевка жана Марьинка калктуу пунктарында орус армиясынын мизин кайтарганын маалымдады. Донецкидеги Бахмут жана Авдеевка шаарларында айыгышкан кармаштар уланды. Украин тарап да орус күчтөрүнө ракеталык жана артиллериялык аткылоо менен жооп берди.
Орусиянын армиясы Украинага быйыл 24-февралда басып кирген. Украина Батыш өлкөлөрүнөн жардам алып, куралдуу күчтөрүн бир сыйра чыңдагандан кийин августтун аяктарында контрчабуулдарын баштаган. Натыйжада украиндер Харьковдун басымдуу аянтын сентябрда бошоткон. Алар орус тарапты Николаев облусу менен Херсон облусунун бир бөлүгүнөн ноябрь айында сүрүп чыкты.
Ушул күндөрү орус күчтөрү жана жикчилдер Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Харьков облусунун азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Иш жүзүндө фронттун жарым линиясы Днепр дарыясынан бөлүнүп калды.