Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.
Украина, Киев. 2026-жылдын 16-июлу.

Киев баллистикалык ракета менен аткыланып, адам өмүрү кыйылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:23 24.12.2022
  • Орусиялык армия Лиман, Бахмут и Авдеевка багытында чабуул коюуга аракет кылууда. Херсон тынымсыз аткыланып жатат.
  • Moscow Times: Кремль мобилизация тууралуу жазууга тыюу салды.
  • Украина президент Владимир Зеленский АКШдагы сапарынан кийин Киевге кайтып келди.
  • Оккупация болгон Мариуполдогу драма театрды сүрдүрүп жатат.
  • Энергиянын тартыштыгынан Киевде троллейбус жана трамвайлардын каттамы токтоду.
18:09 24.12.2022

Ишемби күнү орус армиясынын жакында бошотулган Херсон шаарындагы аткылоосунан кеминде беш киши каза болду.

Шаардын кеминде 35 тургуну ар кандай жараат алды. Бул тууралуу Украина президентинин кеңсесинин башчысынын орун басары Кирилл Тимошенко билдирди.

Ал аткылоонун кесепеттери көрсөтүлгөн сүрөттөрдү Телеграм-каналына жайгаштырды. Тимошенконун айтымында, аткылоого Херсондун борбору дуушар болгон. Сүрөттөрдөн жабыр тарткан турак жайларды жана өрттү көрүүгө болот.

Херсондун сүрөттөрүн Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы социалдык баракчаларына жайгаштырды. Ал аткылоону "Орусиянын коркутуп-үркүтүүсү жана өздөрүнүн жыргалчылыгы үчүн жасалган террор" деп атады.

Украин бийлиги мунун алдында аткылоодон Херсон облусунун беш жайкын тургуну каза болуп, 17 киши жараат алганын кабарлаган. Дагы төрт адам Донецк, Запорожье жана Херсон облусунда каза болгон.

17:14 22.12.2022

Associated Press агенттигинин журналисттери орус аскерлери Украинага басып киргенден бери Мариуполдо 10 миңден ашуун мүрзө табышты.

Ар биринде бир нече сөөк коюлган болушу мүмкүн. Өз иликтөөсүндө журналисттер спутниктен тартылган сүрөттөрдү, дрондордон жана жерден тартылган жүздөгөн видео, шаар тургундары менен маектерди пайдаланган.

Үч соттук археолог анализ реалдуулукка дал келерин тастыкташты.

Маалыматка караганда, айрым мүрзөлөрдө кол менен даталар гана жазылган. Журналисттердин колуна орус аскерлери узун траншеяларды казып, кийин көөмп салганы түшүрүлгөн видео тийген.

Шаардыктар менен сүйлөшкөндөн кийин иликтөөчүлөр миңдеген кишинин сөөгү көрүстөндөргө коюлган эмес деген жыйынтыкка келди. Сөзгө тарткан 30 кишинин ар бири Мариуполдун камоолу маалында каза тапкан кишилерди тааныйт.

Майдын аягында Азов деңизинин жээгиндеги шаарды орус армиясы ээлеп алганда украин бийлиги камоол учурунда кеминде 25 миң киши набыт болгонун билдирген. Ал эми кабарчыларга жооп бергендер көчөлөрдү тазалаган адамдарга таянып, өлгөндөр мындан үч эсе көп дешет.

Мариупол үчүн айыгышкан күрөш үч айга созулган. Турак жайлар, башка имараттардын көбү жер менен жексен болгон.

Киев Москваны ал жактагы согуш кылмыштары үчүн айыптап келет. Орусия дооматтарды четке кагууда.

16:54 22.12.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG